Домой Коом Камчыбек Ташиевди ким аңдып жүрөт…Эмне мынча аңдыйсын? Коркосунбу?

Камчыбек Ташиевди ким аңдып жүрөт…Эмне мынча аңдыйсын? Коркосунбу?

75
Бул тууралуу Регион телеканалынын журналисти Өткүрбек Рахманов билдирди:

Бүгүн биздин телеканалга Камчыбек Ташиев өз унаасы менен келип токтогондо, артынан болжолдуу түрдө 40 метрдей аралыкта келип ушул машина токтоду. Ичинде 2 адам бар экенин көрдүк. Бул машинадагы 2 жигиттин бири утуру магазинге өткөн болуп, бири машинанын алдында туруп аябай эле профессионал болбосо дагы болушунча байкоо жүргүзүштү. Анан жарым сааттардан кийин Камчыбек Ташиев машинасын айдап кетти. Бул сүрөттөгү балдар биздин байкап калганыбызды билип, дароо артынан айдабай, дүкөнгө дагы бир жолу кирип, туалет сураган киши болуп, биротоло Ташиевдин чындап өзү да кеткенин так билип, анан шашкан бойдон кетишти. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери экенин, Камчыбек Ташиевди аңдып жүрүшкөнүнө караганда, тапшырма катуу берилген окшойт деп ойлоп калдым. Эмне мынча аңдыйсыңар, неге мынча аңдытасыңар? Коркосуңарбы? Же башка пландар барбы бийлик аке???

Чек араларды ушинтип тыкыр көзөмөлдөп, контрабанданы, коррупцияны аңдып, түп тамырынан жок кылып салсаңар кана. Кайран гана элдин эсебинен күн көрүп жүргөн туугандар. Тааныгандар салам айтып койсоңуздар да болот)

Бийликтин ою түз болсо, мынтип аңдытпайт эле деп ойлойм.

Дагы бир жагынан карап көрсөңүз, балким булар күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери эмес эле, кайсыл бир башка криминалдык топторго тийиштүү адамдардыр. Ташиевди бир нерсе кылууну көздөп жүргөндүр.

Ошондуктан, урматтуу күч органдары, урматтуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы, Улуттук коопсуздук комитети Сиздер бул маселеге олуттуу көңүл бурсаңыздар туура болот. Булар кимдер? Эмне максатта мындай кылып аңдып жүрүшөт? Тез арада иликтеп, териштирүүгө аласыздар деп ойлойм.

Эгер андай кылбасаңыздар, биз өзүбүз аракеттерибизди көрүшүбүз зарыл болот. Камчыбек Ташиевди колдогон бүт элди бул талапты аткаруу үчүн чогулууга, бийликтен талап кылууга чакыра баштайбыз.