Домой Саясат Камчыбек Ташиев: Өзбектерден кредит алып, улуттун кызыкчылыгын тебеледиңер!

Камчыбек Ташиев: Өзбектерден кредит алып, улуттун кызыкчылыгын тебеледиңер!

147

Саясатчы Камчыбек Ташиев Өзбекстан кредитке берген 100 миң доллар боюнча өзүнүн пикирин билдирди.

— Өзбекстан,Таджикстан мамлекеттери менен биз өтө этият, кылдат мамиле түзүүгө милдеттүүбүз, себеби мамлекеттик чек араларыбызды толук тактап бүтө
элекбиз, ар дайым кагылышып турабыз жана атаандашкан өлкөлөрдөнбүз!

Кечээги тажик президентинин түрүн карап,көрүп туруп мен түшүндүм, чек ара маселеси жакын арада чечилбейт экен, кол коюлган документтерин көрбөй туруп эле айтууга мажбур болуп турам, себеби кээ бир өлкөлөр үчүн чек ара маселесинин чечилбегени ыңгайлуу жана жерлерин кеңейткенге мүмкүнчүлүк алышат, мына кредиттин кесепети!

Бул өкмөттү кетсин деп биринчилерден айтып чыктым эле, өтө уят иш болду, улуттун намысына доо кетирди, бул келишимди аткарууга мүмкүн эмес! Мени көпчүлүк мекенчил инсандар туура тушунду деп ойлоймун,- дейт Камчыбек Ташиев.