Мамлекеттин коопсуздугу калкынын санына жараша болот. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарына иш сапары менен барганда билдирди.
Анын айтымында, учурда өкмөттө элдин санын өстүрүүгө багытталган мамлекеттик программа даярдалууда. Ага ылайык, көп бала төрөгөн келиндерге бир жолку төлөнүүчү «эне капиталын» берүү максатталып жатат.