Домой Ден-соолук Камчыбек Ташиев Испанияга барып, жаш футболчуларга дем берди

Камчыбек Ташиев Испанияга барып, жаш футболчуларга дем берди

3
Камчыбек Ташиев Испанияга барып, жаш футболчуларга дем берүүдө. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлап, видеосу менен бөлүштү.
«КФБ жетекчиси Камчыбек Ташиев жигиттерибизге оюн талаасында гана эмес, анын тышында да өзгөчө кам көрүүдө», — деп жазылган таратылган маалыматта.
Учурда футбол боюнча U-20 жаштар курама командасы чет өлкөдө Азия кубогуна карата бир айга чукулдаган окуу-машыгуу жыйын өткөрүүдө. Бүгүн алар «Барселона» футболдук клубунун жаштар командасы менен жолдоштук беттеш өткөрүшөт.