Домой Коом Камчыбек Ташиев: Эми жашоом кайрадан башталды. Мындан кийинки өмүрүм элдики

Камчыбек Ташиев: Эми жашоом кайрадан башталды. Мындан кийинки өмүрүм элдики

10540

Саясатчы, экс-депутат Камчыбек Ташиев ооруканадан чыкты. Бул тууралуу, ал Фейсбуктагы  баракчасы аркылуу билдирди.

”Урматтуу Кыргыз калкым!
Биз бүгүн ооруканадан чыктык, эми калган дарыланууну үйдөн улантабыз.
Элимдин дубасы, ак тилектери, Аллахымдын буйругу жана ак халатчан баатырларыбыздын зор эмгектери бизди сактап калды!
Миңдеген адамдардын телефон, ватсап жана башка суроолоруна, каалоолоруна жооп бере албадым, туура түшүнүңүздөр, баарыңыздарга ыраазымын, эми жашоом кайрадан башталды.
Мындан кийинки өмүрүм элдики, баардыгын элге деп өтөмүн, бүгүнтөн баштап жардам берүүчүлөрдүн чоң армиясынын катардагы жоокеримин!
Жаша Кыргызстаным, дем ал, дем ал боордошум, ынтымакта жеңебиз!” – деп жазды ал.

Эскерте кетсек, бир нече күн мурун Камчыбек Ташиев жана анын жубайы эки тараптуу пневмония менен ооруканага жаткырылган.