Домой Коом Камчыбек Ташиев: Элге болушкан,коруган, боору ооруган бийлик болобу? Же силерге элдин добушу...

Камчыбек Ташиев: Элге болушкан,коруган, боору ооруган бийлик болобу? Же силерге элдин добушу эле керекпи?!

250

Чек арадагы чыр боюнча Камчыбек Ташиев бийлик ээлерине кайрылуу жолдоду. Ал өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтоло кеткен.

Урматтуу бийлик ээлери!
Бүгүнкү Кадамжайдагы «булак талаш» конфликти коруп туруп силерге өтө ачуум келди.
«Бул жер талаштуу» деп дагы айттырдыңар!
Элдин ахыбалын карагылачы,ар дайым жабыр тартат,уйлору өрттөнөт,келтек жейт,анысы аз келгенсип силер да куугунтуктайсынар!

Элге болушкан,коруган ,боору ооруган бийлик болобу же элдин добушу жана силерге берген бийлиги эле керек беле???

Эгерде колдон келбесе,анда бергиле мүмкүнчүлүктү колунан да,тилинен да келе турган ,өз эли жери үчүн жан берүүгө даяр адамдарга!

Элдин азабын тартып калбагыла, эсиңерге келгиле!

Бирок кайрылгандан пайда деле чыкпай калды, укпай калдыңар….