Акыркы убактарда маалымат булактарында «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго каршы маалыматтык чабуул жасалып жатканы байкалууда. Узун кулактардын айтымында бул чабуулдун артында анын бир кездеги партиялашы, тандемдеши Камчыбек Ташиев турат экен. Эмнеге ал «Биз эми бирге болобуз» деп жүргөн тандемдешине каршы маалыматтык чабуул жасап жатат?
Жообу жөнөкөй эле болсо керек.
Биринчиден, келерки жылда өтө турган парламенттик шайлоого «Республика – Ата Журт» партиясы экиге бөлүнүп бара турганы белгилүү болгон. Тактап айтсак, «Ата-Журт» партиясы «Республикасы» жок эле шайлоого аттанарын айтышкан. Андыктан аларга эми Бабановдун кереги жок.
Экинчиден, Ө. Бабанов К. Ташиевди 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо сууга алып барып, сугарбай алып келген болчу. Ташиевдин электоратын шайлоодо жакшы эле пайдаланып, добуштарды топтоп, жыйынтыгында аны жана анын жакын адамдарын парламент сыртында калтырган. Бабановдун мындай мамилесине Ташиев көпкө чейин катуу капаланып, нааразы болуп жүргөнү да белгилүү. Алтургай 2017-жылдагы президенттик шайлоонун алдында катуу сындап да чыккан.
Кийин кайра аны Москвага чейин издеп барып, кайрадан «табышып» алышканын билдирген болчу. Бирок, Бабанов Кыргызстанга кайтып келген соң моралдык жактан колдоосун деле көрсөткөн жок. Мына ушундан улам Камчыбек мырза Бабановдон өзүнө жараша тургандай кылып өч алууну пландаган окшойт деген ой келет. Калп эле колдоп жаткандай мамиле жасоо менен аны саясаттан биротоло кетирүү планын түзгөн сыяктуу. Буга анын эми Бабановго карата маалыматтык чабуулду уюштуруп жатканы далил болуп бере алат.
Булак: Ой тобо