Домой Саясат Камчыбек Жолдошбаев, ЖК депутаты: “Аткаминерлердин баары кооз сүйлөйт”

Камчыбек Жолдошбаев, ЖК депутаты: “Аткаминерлердин баары кооз сүйлөйт”

54
Бүгүн Жогорку Кеңеш мектеп окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылууга байланыштуу мыйзам долбоорун карап, талкуулады. Ага Билим жана илим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова баш болгон өкүлдөрү катышып, отчет беришип, депутаттардын суроолоруна жооп беришти.

Депутат Камчыбек Жолдошбаев аларды сынга алды. “Профилдик ведомствонун аткаминерлеринин баары кооз сүйлөйт. Силерди угуп отурсак, бизде жыргализм доору сүрүп жатат, чынында такыр андай эмес. Мен Ат-Башы районундагы мектепте болдум. Ал жакта сиздер айтып жаткандын бири да жок. Эч кандай ашкана, заманбап жабдыктар жок. Жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү аталган мектептерди барып көргөн да эмес», -деди депутат.

Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү депутаттын сынын туура кабыл алып, аталган окуу мекемесин текшерүүгө убада беришти.

Булак: Kyrgyztoday.kg