Домой Коом Камалып, селсаякка айланган: «Кыз-Буракты» түптөгөн Р.Салмаматовдун акыркы күндөрү жана аянычтуу өлүмү

Камалып, селсаякка айланган: «Кыз-Буракты» түптөгөн Р.Салмаматовдун акыркы күндөрү жана аянычтуу өлүмү

780

Рахман Салмаматов тууралуу коомчулукта маалымат дээрлик жок болгону менен ал кыргыз эстрадасына кыздардан түзүлгөн топ уюштуруп, жаңылык киргизген адам болгон. Замандаштары аны уюштургуч, тил билгич, көрөгөч адам катары таанышат. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Жолболду Алыбаев аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

Анын айтымында, Рахман Салмаматов «Кыз-Бурак» тобун түптөп, бирок өмүрүнүн аягында селсаяк болуп кеткен.

«СССР убагында Кыргызстандын түштүк аймагындагы маданий иш-чаралардын баары Ош шаарында өткөрүлүп, чыгармачыл адамдардын башы ошол жерде кошулчу. Рахман Салмаматов менен ошондой иш-чаралардын биринде таанышып калдым. Эсимде, шаар жетекчилери кыздардан турган топ түзгөнү үчүн акчалай сыйлык, ардак грамота тапшырышкан. Р.Салмаматов менен таанышканда ал адам менен бат тил табышкан, жөнөкөй, кичи пейил адам экенин билдим. Кийин Рыспай Абдыкадыров менен теңтуш экени белгилүү болду. Уюштуруу жөндөмү мыкты болуп, Рыспайдын концерттерин уюштурчу. Азыркы тил менен айтканда менеджер-продюсер болчу. Кыргыз эстрадасында буга чейин болбогон кыздардан түзүлгөн топ уюштурган. Жигиттерге караганда кыздар элге бат таанылып кетти. Өмүрлүк жары Айнагүл Сарыкова да жакшы ырдап, экөөнүн ээрчишип жүргөнүн көрүп калчумун. Кийин Рахман Салмамановду Кара-Көл шаарынын жетекчилиги жумушка чакырган. Бир иш-чараны өткөрүүгө ага музыкалык аспаптарды сатып алуу үчүн 6 миң рубль бөлүнүп берилген. Бирөөгө алданып калганбы же өзү жок кылганбы, айтор акча жок болуп кеткен. Отчёт маалы келгенде акчанын эсеби чыкпай калып, СССР убагында мыйзам күчтүү болгондуктан камалып кетиптир. Камактан чыккандан кийин турмушту эптей албай калды. Аялы менен ажырашып, 1-2 жолу үйлөнүп, бирок жолу болбой көчөлөп калган.

Чыгармачыл адамдардын жүрөгү назик болот, ал мындай сыноону көтөрө алган жок. Көп максаттары бар эле. Кыргыз эстрадасын Европага нукуралуулук менен жеткирем дечү. Ал Кара-Көлгө кеткенде Гүлшайыр (Г.Садыбакасова) “Кыз-Бурак” тобун жоготпой, бийик деңгээлде кармап калды. Топту түптөгөн Рахман Салмаматов болгону менен, бүгүнкү деңгээлге жетишине Гүлшайырдын эмгеги чоң.

Рахман селсаяк болуп жүргөндө ага телеканалда иштеген бир кызматкер жолугуп калат. Р.Салмаматов ага өзүнүн ким экенин, жетишкендиктерин айтып бергенден кийин бирөөлөрдүн жардамы менен карылар үйүнө жеткирилип, ошол жактан каза болуптур», — деди Жолболду Алыбаев.

Рахман Салмаматов Ноокат районунун Кызыл-Тейит айылында туулган. 1 уул, 1 кызы бар. Ал эми «Кыз-Бурак» тобу түптөлгөндө алгач анын музыкалык жетекчиси болуп иштеген Гүлшайыр Садыбакасова Р.Салмаматов түптөгөн топко кантип келип калганын айтып берди.

«1976-жылы июнь айында окууну бүтүп, бир досум менен Ош шаарына келип калдык. Билим берүү министрлиги педагогикалык училищага мугалим болуп иштөөгө жөнөткөн. Ага чейин 1973-жылы алгачкы жолу кыздардан турган «Шоола» ансамблинде кыздардын арасынан биринчилерден болуп урма аспапта ойноп жүргөм. Бирок «Шоола» тобу жети жыл гана жашады. Педучилищага жумушка орношкондо бир жакшынакай эжеке келип, “жолдошум кыздардан турган топ түзөм деп жатты эле. Силер буга чейин топто музыкалык аспапта ойноп жүрүптүрсүңөр. Жолугуп көрбөйсүңөрбү?” деп калды. Эки күндөн кийин Р.Салмаматов менен Оштогу драм театрда жолуктук. Агай “Гүлшайыр, ансамблди бутуна тургуза албай жатам, жардамың керек. Кыздардан түзүлгөн топко аял кишинин көз карашы керек болуп жатат” деп калды. Курбум экөөбүздү музыкалык аспаптарда ойнотуп көрүп, кубанып, дароо кабыл алды. Музыкалык билимим болгондуктан мени дароо топтун музыкалык жетекчиси кылып койду. 1 жылдан кийин жеке концертибизди берип, СССРге атагыбыз чыгып калды. 1980-жылы декабрь айында Кара-Көл шаарынын маданият бөлүмүнүн башчысы кызматына жумушка орношуп жатып, “ал жакта айлык жакшы экен” деп кетип калды. Уюштуруу иштери анын мойнунда болгондуктан, кыйла эле алдастап калдым. Эки жылдан кийин мага “башыма оор кайгы түшүп калды” деп ыйлап келди. Рахман Разыков, Манас Бердибеков, “Кыз-Бурак” тобу менен 3-4 ай концерт коюп, андан түшкөн акчаны Р.Салмаматовго бердик. Акчаны бергени менен А.Салмаматовду баары бир камап коюшуптур. Камактан чыккандан кийин жолугуп жүрдүк, бирок жоголуп кетмей адаты бар эле. Бир жолу “жеке пансионаттардын биринде Рахман Салмаматов ооруп жатат” дегенди угуп барсак инсульт болуп, баса албай жүрүптүр. Акча, тамак-аш, кийим-кече ала барганбыз. 3 айдан кийин Сокулуктагы карылар үйүндө каза болгонун айтып, телефон чалышты. Жетим чоңоюп, туугандары деле жок болчу. Айла жок ошол жакка көмө бергиле дедим. Ош шаарындагы бардык чыгармачыл адамдарды чогултуп, аш бердим. Агай жаңычылдыкты издеген адам эле», — деди Гүлшайыр Садыбакасова.

Булак: Turmush