Домой Криминал Камакта жаткан Дүйшөн Төрөкулов парламенттин жыйынында пайда болду

Камакта жаткан Дүйшөн Төрөкулов парламенттин жыйынында пайда болду

184

Абактагы депутат Дүйшөн Төрөкулов бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңештин жыйынына келип, анын ордуна башка эл өкүлү добуш бергени боюнча комментарий берди.

“Мен депутат Акылбек Жапаровго ишеним кат бергем. Ошонун негизинде менин ордума добуш берди. Абактын кызматкерлери аркылуу кагаз түрүндө ишеним кат бергем. Сизге ишенем, сиздин чечимге ишенем деп ишеним кат бергем”, – деди ал.

Жогорку Кеңеште референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбооруна камактагы депутат Дүйшөн Төрөкулов добуш бергени талкуу жараткан. Добуш берүүдө Төрөкуловдун “макул” деп добуш бергенин көрүүгө болот.

Эл өкүлү Биринчи Май райондук соттун чечими менен үй камагына чыкканын журналисттерге билдирди.

“Тергөөнүн купуялыгын сактоо боюнча кол коюп бердим. Азырынча эч нерсе ачык айта албайм. Бирок мага коюлган айыптар жалган жалаа. Жакын арада  сот болот. Саясий куугунтук деп деле айтпайм. Жүрүп жаткан программага туш келип калдым окшойт”, – деди Төрөкулов

Төрөкулов Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (коррупция) менен шектелип, УКМКнын кызматкерлери тарабынан 15-январда Ош шаарынан колго түшүрүлгөн. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Төрөкулов УКМКнын СИЗОсуна 2 айга камалган болчу.