Домой Саясат “Калмакташтыруу” саясаты же тектүү жердин уулуна жасалган “каралоонун” максаты эмнеде?

“Калмакташтыруу” саясаты же тектүү жердин уулуна жасалган “каралоонун” максаты эмнеде?

856

buy mifepristone and misoprostol uk. 1025178030

 

Президенттикке талапкерлиги коюлганы жаткан премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун артынан эч кандай “куйрук” табылбай, эми атаандаштары  анын түпкү тегин түкшүмөлдөп сүрүштүрүп, бурмалаган маалыматтарды чыгарганга өтүштү. Жакында айрым бир интернет сайттары аркылуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков чыккан Теңизбай уруусун калмакка алып барып такаган имиштер адамдардын Алласын оозунан түшүрдү. Анда кеп башынан болсун.

Саясат деген санжыраны дагы бурмалап, түптүү адамдын тегин дагы түркүн-түс боектор менен боеп, бурмалап сүрүштүрүүгө жөндөмдүү нерсе окшобойбу. Жакында интернет сайттардын бирине президенттик жарышта фаворит катары бараткан Сооронбай Шариповичтин түпкү теги калмак дегенге чейин барган маалыматтар таратылды. Муну менен Жээнбековдун артынан чеңгелдеп алар эч нерсе таппаган саясый атаандаштары анын тараган уруусун Калмак тукумуна алып барып такап койгон. Саясаттабы же адабияттабы кимдир бирөө жакпай калса же коомчулуктун көзүнө илине баштаса эле аны калмак деп атап, сыртынан тон бычкан өнөкөт бар экени белгилүү. Бирок, көп жылдан бери кыргыз саясатынын казанында кайнап, бир катар жогорку мамлекеттик кызматтарда  иштеген жана кыргыз коомчулугуна аттын кашкасындай белгилүү болгон Теңизбай деген чоң уруктун  өкүлүн “Калмак” деп атоо эч кимдин түшүнө кирбесе керек эле. Эгерде жакында президенттик шайлоо болбосо…

Эмесе мына ошол Теңизбай уруусунун  тек жайын тарыхый-санжыралык маалыматтарга таянып, эскертип өтөлү. Кыргыз эли эки негизги бутактан – Оң канат, Сол канат тураарын жамыбыз жакшы билебиз. Сооронбай Жээнбековдун түпкү теги мына ушул эки бутактын Оң канатына барып такалат. Оң канат – Адигине, Тагай жана Муңгуш урууларынан турат. Адигине уруусу – Бөрү, Баргы, Жору (Жолжакшы), Сарттар, Карабагыш аттуу урууларга бөлүнөт. Анын ичинен Жору (Жолжакшы) уруусу – Жолубай жана Кудайберди аттуу эки уулдан уланган. Жолубай Астар жана Кастар аттуу эки уулдуу болгон. Астардан Серке (Ай тамгалуу Жору) жарык дүйнөгө келет. Серке убагында баатыр катары таанылган инсан болгон. Ал эми Серкеден – Кожо, Тасма, Теңизбай, Каракунас аттуу уулдары болот. Теңизбайдан – Булаш, Биймырза, Жалаң төш (Дөөлөтөй). Биймырзадан – Коштай, Жантай, Абыке, Габыке. Абыкеден – Жолдош, Кожоназар, Теңиз, Аккозу. Кожоназар жаш кезинен эл башкарган бий болгон. Кожоназардан – Коңурат, Жайчыбек, Полот. Кожоназардын Жайчыбегинен – Асыран, Таңырык төрөлөт. Таңырыктан – Пирназар. Пирназардан – Жээнбек. Жээнбектен – Эрмамат, Токтомамат, Шарип жарык дүйнөгө келет. Шариптен – Кантөрө, Жусупбек, Искендер, Сооронбай, Асылбек, Жыргал. Шарип Жээнбековдон тараган уулдардын ичинен Кантөрө Токтомаматов (жакында эле бул дүйнө менен кош айтышкан), Жусупбек Шарипов, Сооронбай Жээнбеков, Асылбек Жээнбеков – кыргыз элине төбөсү көрүнгөн, илимий чөйрөдө, коомдук иштерде, саясатта алдыңкы саптарда жүргөн инсандардан болушту.

Адигиненин Жору (Жолжакшы) уруусунан таркагандар бүгүнкү күндө республикабыздын бардык эле аймактарында бар. Андан тышкары  Кытайдын Кызыл-Суу, Иле Казак автоном райондорунда, Өзбекстандын Анжиян облусунда, Тажикстандын Куляб, Дүйшөмбү облустарында жашайт. Демек, тамыры өтө тереңге жайылган, Кыргызстанды гана эмес, Азияны аралай чаап кеткен кыргыздын уруусу болуп саналат.

 

Эми тарыхый инсандарды да “калмак” атайбызбы?

Жору (Жолжакшы) уруусунун ичинен Теңизбай уругунан мындан бир нече кылымдар мурда эле Биймырза, Кожоназар бий, Шапаке датка, Айман уулу Маанаке олуя, Таңырык бий, Жапан датка, Назар палван, Мустафа Ахметов аттуу аттуу-баштуу адамдар жашап өткөн. Муну тарыхый жазма булактар да тастыктап турат. Ал эми “Каныбек” романы менен жалпы кыргыз элине таанымал болгон жазуучу Касымалы Жантөшев, элибиздин сүйүктүү актеру Советбек Жумадыловду, жүрөк эргиткен кайрыктары менен дагы деле “жашап” аткан обончу Рыспай Абдыкадыровду, КР Эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевди кимдер тааныбайт? Жамы кыргыз журтчулугу тааныйт. Булар дагы Теңизбай уругунан таркаган атактуу инсандар. Андан бери келсек, эл аралык аренадагы белгилүү журналист Аким Өзгөн, коомдук ишмерлер Бакы Ешмамбетов, Раатбек Ешмамбетов, Курмантай Абдиев, Каныбек Осмоналиев, Жогорку соттун судьясы Г. Калиевалар да дал ушул уруктан чыккан белгилүү ишмерлер. Ошондой эле Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл жазуучусу маркум Сооронбай Жусуев мына ушул Теңизбай уругу тараган Жору уруусунан болорун көпчүлүк биле бербесе керек. Ошондой эле бул уруудан азыркы жаш муундагы Кыргыз эл артисти Керим Турапов, Анарбек Ибраев баш болгон кыргыздын дагы бир топ көрүнүктүү инсандары чыкканын белгилеп коюуга туура келет. Алар менен катар эле жогоруда да белгилеп кеткендей бир тууган Жээнбековдор түрдүү мамлекеттик маанилүү кызматтарды аркалап, кыргыз элине опол тоодой кызмат өтөп келишет. Ошондо С. Жээнбековду “калмак” дегиси келгендер мына ушул кыргыз элине ат көтөргүс эмгектерди жасаган залкарлардын баардыгын калмакка айлантып аткан болобу?

Мына ушул биз жогоруда келтирген маалыматтар жөн салды эле айтылган же ойдон чыгарылган маалыматтар эмес. Булардын баардыгы узак жылдардан бери изилдөөгө алынып, иликтенип, такталган маалыматтар. Каалоочулар санжырачы Турдумамат Эргешовдун «Кыргыздын Жору (Жолжакшы) уруусунун санжырасы» аттуу китепти бир сыйра окуп чыкса болот. Анда Жору (Жолжакшы) уруусу тууралуу кеңири маалымат, конкреттүү фактылар бар. Ал китеп бир эле адамдын иликтөөсү же жеке көз карашы менен жазылган эмес, окумуштуулар — С. М. Абрамзон — Россиянын Ленинград университетинин профессору, Л.Р. Винников – Ашхабад университетинин профессору, академик Б.Жамгырчинов, профессорлор — С.А.Аттокуров, В.В.Бартольд, А.Н. Бернштам, О.Ж.Осмонов, А.Ч. Какеев, О.К.Каратаев сыяктуу көптөгөн окумуштуулардын, санжырачылардын эмгектеринин негизинде изилденип, такталып анан жазылган китеп. Андан тышкары дагы көптөгөн санжырачылардын Жору тукумдары тууралуу топтогон материалдары текшерилип, талкууланып, анан китепке киргизилген.

Айтор, айрым маалымат булактары шайлоонун “шайтан” оюндарынын күүсү менен бир талапкерге каршы чабуул жасайбыз деп, кыргыздын адабиятына, маданиятына, мамлекеттүүлүгүнө чоң салымдарын кошкон чыгаан уул-кыздарын да “калмакка” айлантып салышканын билишти бекен? Эгерде мына ошондой жорук-жосунга жол берилсе, анда кыргыз эли өзүнүн тарых-таржымалын талкалаганга барабар иш болор. Албетте, акылман кыргыз эли мындай адепсиздикке эч качан жол бербейт.  Анан калса жалпы журт мына ушуга окшогон сөздөрдү адатта өздөрүнүн теги таза эмес саясатчылар чыгарып, жайылтканга ынтызар болуп келгенин эбак эле билип калган. «Айгай»гезитти