Чакырыктын максаты – кардарларды жана кызматкерлерди коронавирус инфекциясын жуктуруудан жана жайылышынан коргоо. Алар Калкты тейлөө борборуна келгендерди беткап кийүүгө өтүнүүдө, анын үстүнө бардык борборлор антисептик менен камсыздалып, имараттар дезинфекцияланууда.
Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги жарандарды ден соолугун сактап, ӨК режиминде кабыл алынган чаралардын алкагында элдин көп чогулушун болтурбоо үчүн, КТБга өтө зарылчылык болгондо гана кайрылууга чакырат.
“Инфоком” мам ишканасы кабарлагандай, мам номерлерди өндүрүү жана паспортторду персонификациялоо өз мөөнөтүндө ишке ашырылат, кимде-ким документ ала албайт деп кооптонууга негиз жок. Уюлдук телефонго паспорттун даяр болушу тууралуу смс-билдирүү келет, же болбосо, “119” call-борборунда да тактап алса болот (чалуу акысыз).
Булак: Багыт