Домой Саясат Калилов деген “коррупционерди” унутпагыла…

Калилов деген “коррупционерди” унутпагыла…

288

2016-2018-жылдары Транспорт министрлигин жетектеп турган учурда коррупцияны кызгалдактуу тааладай кызыл- жаян кылып гүлдөткөн Жамшитбек Калилов деген атактуу “коррупционерди” унута элексиӊерби?

Бул адам кыргыз саясатандагы коррупциялык акчанын көлөмүн 520 миӊ доллларга чейин көтөргөнү менен тарыхта өз ысымын бадырайта жазды. Бирок “суудан кургак чыгып”, министрлик кызматтан кийин “Кыргыз темир жолундагы” долбоорлор боюнча дирекцияны жетектеп жатканына бир жылга жакындап калды.

Бийлик бул кызматка долбоор даярдоодо кайсы жерден, кандай жеп, өнөп калганды жакшы билген адисти атайын ушул кызматка даярдап дайындады десек эч жаӊылбайбыз. Жакында аталган ишкананын директору Абдыкеримов баштаган бир катар адамдар кармалды. Азырынча Калилов таптаза болуп тургансыйт. Бирок бул адамдын иштерин тыкыр иликтеп койсо, Калиловдун мурда –кийин жасаган былыктары былгып чыгарына бөркүӊүздөй ишене бериӊиз…

Булак: Багыт