Домой Коом Кайындардын көзүнчө кыз-келинге көз кыспа. Күйөө бала этикети

Кайындардын көзүнчө кыз-келинге көз кыспа. Күйөө бала этикети

34

Sputnik апта сайын “Этикет” рубрикасынын алкагында коомчулук жүргөн ар кайсы жайларда жана жагдайларда өзүн-өзү татыктуу алып жүрүүнүн эрежелери менен тааныштырат.

Тектүү жердин уулу, үй-жайлуу, кызматы бар, аялын алаканына салып сыйлап турат, кайын журтка күйүмдүү… Ар бир ата-эне үчүн идеалдуу күйөө баланын образы дал ушундай болсо керек.

Бирок бир эле адамда ушул сапат, талаптар дайым эле кездеше бербейт да. Анда кайын журтка жагуунун башка кандай жолдору бар?

Бул тууралуу этикет мугалими Нуржан Исмаилова айтып берди.

Күч күйөө

Иргертеден эле күйөө бала кайнатасынын үйүндө жашаган эмес. Бул нерсени элибиз уят жорук катары санап, “күч күйөө” деп анын намысына тийишчү. Ошондой эле күйөө баланын кайын журтуна финансылык жактан жүгүн артканы жат көрүнүш. Албетте, үй-бүлө жаңы курулган кезде же башына оор иш түшсө, кайын журт колдон келсе жардам берип койсо болот. Бирок бул нерсени көнүмүшкө айлантып алуу күйөө баланын кадырын түшүрүп коёт.

Кайын журтка сый мамиле

Бекеринен кыргызда “Эр жигиттин үч журту – ата журту, тай журту, кайын журту болот” деп айтылбаса керек. Дегеним эркек киши үй-бүлө кургандан кийин келинчеги тарапка дагы көңүл буруп, сый мамиледе болушу керек. Аялынын алысыраак туугандары болсо дагы, көчөдөн кезиктирип калганда учурашып, ал-жайын сурап коюу ашыкча болбойт. Антпесе “баланчанын күйөө баласы киши тааныбайт” деп кеп-сөзгө каласыз.

Кызмат кылуу

Күйөө бала кайын журтуна барганда сый көрүп эле отуруп калбай, өз эрки менен сыртка чыгып, улуулардын колунан иш алып кызмат кылуусу зарыл. Бул анын тарбиясынан кабар берип, кайын журтуна болгон сый мамилесин айгинелейт.

Ата-бабаңды бил

Жаңы күйөө балага сөзсүз түрдө ата-теги, туулган жери тууралуу суроо берилет. Демек, ата-теги, тууган-уругу жөнүндө керектүү маалыматтарды билип алганы жакшы. Элестетип көрсөңүз, кайната “урууң кайсы, балам?” деп сураса, билбей отурганыңызды.

Тамашаны орундуу айт

Албетте, тамашакөй, сөздүн куйкумун таап сүйлөгөн адам көпчүлүккө жагат. Бирок тамашанын дагы орду болот. Өзгөчө кайын журтта жүргөндө сагыраак болуу керек. Кимдир бирөөлөр сиздин сөздү туура эмес кабыл алышы мүмкүн. Анын үстүнө кайнатага же кайын агаларга жакпаган сөз айтып алсаңыз, балээге каласыз.

Кыз-келинге көз кыспа

Бул ар бир үй-бүлөлүү эркек үчүн алтын эреже. Эч кандай жаман оюңуз болбогон күндө дагы аялыңыздын туугандарынын көзүнчө башка кыз-келиндер менен тамашалашып же көз кыса көрбөңүз. Муну алар өтө оор, ал тургай көбүртүп-жабыртып кабыл алышы мүмкүн. Мындай жагдайда кайын журтту дагы түшүнсө болот. Ким эле кызынын же эже-карындаштарынын көзүнө чөп салынып, кор болуп отурганын кааласын.

Булак: Спутник