Домой Саясат Кайрат Осмоналиев: «Шайлоо күнү хакердик чабуул болот»

Кайрат Осмоналиев: «Шайлоо күнү хакердик чабуул болот»

135

Борбордук шайлоо комиссияссынын мүчөсү Кайрат Осмоналиевдин айтуусунда шайлоо күнү хаккердик чабуул болушу мүмкүн экенин ЖМКлардын бирирне берген маегинде билдирди. 

«Ар кандай коркунучтар бар. Мисалы, 2017-жылкы президенттик шайлоо күнү болжол менен 40 миңдей хакердик чабуул болгон. Бирок система ага туруштук берген. Эртеңки шайлоодо дагы чабуул болбой койбойт, болот. Биз аны күтөбүз. Системабыз заманбап, аны тестирлөөдөн өткөрүп жатабыз, андай чабуулдарга каршы тура алат деп ойлойм», — деди Осмоналиев.

Кайрат Осмоналиев ошондой эле Боршайком шайлоого даяр экенин кошумчалады. Ар кандай кокустуктардын жана коркунучтардын алдын алуу максатында ар бир участокторго кошумча интернет модеми, электр энергиясын чыгарып берүүчү генераторлор жеткирилген.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага 16 партия катышып жатат.