Президенттик шайлоого катышкан талапкерлер үчүн 30 миӊ кол топтоо талабы бар. Бирок, айрым партиялар 100 миӊден ашыра кол топтоп келип, аны тапшырууну да “шоуга” айландырууда. Сиз мындай кѳрүнүшкѳ кандай карайсыз, ашыра кол топтогондор БШКга кошумча түйшүк жаратпайбы?
Негизи сиздер айткандай эле ар бир президенттикке талапкер болом деген адам 30 миӊ жарандын колун топтошу керек. Кечээ талапкерлердин бири 100 миӊден ашуун кол топтоп келди. Албетте, бул БШКга кошумча түйшүк жаратат. subutex. Буга кандайдыр бир чек койсо болобу?
Мыйзамда бул боюнча чектѳѳ жок. Ким каалаганча кол топтой берсе болот. Бирок, башка адамдарды да ойлоп коюшу керек. Талапкер канчалык кѳп кол топтогону менен анын шайлоо жыйынтыгына эч кандай тиешеси жок. Болгону БШКга кошумча түйшүк жаратат.
Талапкерлердин канча пайызы мындай норманы аткарды?
Азырынча үч талапкер бул тапшырманы аткарды. Эми башка реалдуу талапкерлерди да эртерээк чогулткан колдорду тапшырууга чакырат элем.