Домой Аналитика Кайра өтчү 3 шаардык кеңештин шайлоосуна 100-200 миллион сом сарпталат

Кайра өтчү 3 шаардык кеңештин шайлоосуна 100-200 миллион сом сарпталат

10
Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерин кайра шайлоо 100-200 миллион сомго айланат. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалым болгондой, чыгымдардын көбү комиссия мүчөлөрүнүн айлыгына багытталат.

Белгилей кетсек, шайлоолордогу көптөгөн мыйзам бузууларга байланыштуу, аталган 3 шаарда добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. 1 ай ичинде президент кайра шайлоонун күнүн бекитиши керек.

Эске салсак, 11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерин шайлоо өтүп, 28 шаардык жана 420 айылдык кеңеш депутаттары шайланган.