Домой Коом Кафеде эс алып жаткан аялдын бетин тепкилеген кримчөйрөнүн өкүлү кармалды. Сүрөт

Кафеде эс алып жаткан аялдын бетин тепкилеген кримчөйрөнүн өкүлү кармалды. Сүрөт

189

Ош шаарында буга чейин 16 ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылган адам кайра кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБ билдирди.

2019-жылдын 12-октябрында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Ош шаарынын 23 жаштагы тургуну Г. (аял киши) арыз менен кайрылган. 2019-жылы 10-октябрь күнү Ош шаарынын Нурматов көчөсүндө жайгашкан кафеде эс алып жаткан учурда бейтааныш адам аны себепсиз уруп, бетине бир нече жолу тээп, денесине жаракат келтирип, окуя болгон жерден качып кеткенин билдирген.

Аталган факт Ош ШИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси (ээнбаштык) менен катталып, шектүүгө издөө жарыяланган. Ал эми жабырлануучуга тиешелүү экспертиза дайындалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин тизмесинде турганы аныкталды. Ал Өзгөн районунда каттоодо болгону менен Ош шаарында жашап жүргөн. Ыкчам иш-аракеттердин жыйынтыгында Ош ШИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан кечээ, 28-январда 1997-жылы туулган А.А. кармалды. Ал Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Шектүү А.А. мурда жасаган кылмышы үчүн Ош шаарындагы жатак абактардын биринде жаза өтөп жатып, өз убагында каттоодон өтпөй, издөөдө жүргөнү дагы аныкталды.

Булак: Турмуш