Домой Коом Кадыр Маликов муфтийдин орун басары болуп дайындалды

Кадыр Маликов муфтийдин орун басары болуп дайындалды

49

Кадыр Маликов Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары болуп дайындалды. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка муфтий Максатбек ажы Токтомушев кол койгон.

Ал Маликовду жалпы жамаатка тааныштырып, мындан аркы ишине ийгиликтерди каалап, муфтияттын кызматкерлери жана облустук казыяттар менен тыгыз кызматташууга чакырган.