Домой Аналитика Кадр саясатын тамырынан оңдош керек

Кадр саясатын тамырынан оңдош керек

88

Жакында эле Бишкектин мэри кайра шайланбадыбы. Мына ошол шайлоого Нурдин Абдылдаев да катышты. Баарыбыз эле көрүп-билип турабыз да мэрликке учурда бийликке жагып турган Албек Ибраимов шайланмак, шайланды. Дагы жакшы Абдылдаев 12 добуш алды…

Нурдин Абдылдаев

Шайлоо болуп жаткан учурда Жогорку Кеңештин депуттары баштаган жоон топ адамдар мэриянын маңдайына чогулуп митинг уюштуруп, Ибраимовду колдоп, мактап-жактап турган көрүнүшкө кандай баа берээрди да билбей калдык… иши кылып бул митинг «чолок саясаттын» туундусу болуп калды окшойт… Мейли эми, өлчөөсү өзүндө болсун…

Мен Нурдинди көптөн бери тааныйм, анын кандай жигит экенин дурус билем. Андыктан «бир кемпир айткан» дегенден кошпой Нурдиндин турпаты кандай экенин кыскача айтайынчы…

Биринчиден, Нурдин абройлуу ата-эне тарбиясына жакшы каныккан, ошондон улам кыргызынын салт-санаасын сыйлай жүргөн кичипейил, адамкерчиликтүү жигит. Экинчиден, билими биртоп терең. Үчүнчүдөн, жетекчи кызматтарда иштеп, андан жакшы тажрыйба алган. Мына ушул үч сапатын кошкондо азыркы министрлердин, депутаттардын бир тобунан жогору турат. Мына ушундай азаматтар мамлекетибиздин көп түйшүгүнүн бир жагын көтөрүп турушу керек эмеспи. Анткендин ордуна Нурдин азыр иши жок отурат, Нурдиндей абалда болуп турган канчалаган азаматтарбыз бар. Баса, Нурдин Абдылдаевди аябай бай деп айтышат экен. Анын өзүнө жетер оокаты болгону менен бай эмес. Муну мен жакшы билген үчүн жоопкерчилик менен айтып жатам…

Нурдиндин көп ишинен бирин эле айтайынчы. Ал Токмоктогу айнек заводунда Башкы деректир болуп турганда завод гүлдөп, күүлдөп иштеп турду го. Түрдүү формадагы айнек Афганистанга чейин экспорттолгон, жумушчулардын айлыгы арбын болгон, ж.б. мыкты иштер аткарылган…

Тигиге, буга тартпай талдап-таразалап көрсөңүз: азыркы өкмөт курамында иши менен элди ыраазы кылган ким бар? Менин оюмча, эч ким жок. «Атаганат, баары ушул жигиттей иштегенде эмне» деп суктандырып турчу бири чыкпайт. Баары эле акчанын, өң-тааныштыктын күчү менен кызматка келгендер. Азыр далай жапжаш азамат жигиттер иши жок тирилик кылган болот, далайы чет өлкөлөргө кетип жатат. А бул жерде бир мекемени же министрликти кучактап олтуруп,  чөнтөгүн  толтуруунун түрдүү айла-амалдарын жасаган жөнсүздөргө толуп барат. Анан бир кызматка илинип алган ошол жөнсүздөр ишти жөндөй албай кызматтан түшүп эле дагы бир кызматка коюлат. Бул айбандык го! Күйүп кетесиң да: кээ бир жерде олтурган жетекчилер кадимки эле дөң.

Дөңдөн эмне чыгат? Эч нерсе чыкпайт, дөң деген дөң! Анан ошондойлор эл башкарган болуп жатпайбы!

Дал бүгүнкү күнү кадр саясатын кайрадан карап, оптималдуу вариантын издеп, бул жаатта революция деңгээлине жетчү аракеттерди жасабаса, туңгуюкка кептелип, жумшак айтканда мамлекеттүлүгүбүзгө  шек келер…

Баратбай Аракеев