Учурда кадр дегенге эч маани берилбей калды. Т‑ээ мурдагы тартиптин жоктугунан ал тургай кадрларды шурудай кылып тизмеге тизчү башчысы жок отурат. Ал орунду чамасы ак үйдөн жылмышкан бирөөгө камдап жаткан шекилди. Негизи бул жаатта “Быржыбайды” эле эмес ак үйдөгүлөрдү да “там” басты деп койсок бап келчүдөй.
Татыктуу кадр жок деп жаныбызды жесек болбостур? Маселен, кайсыл кызматка барбасын дайыма саздан сууруп чыгууга кудурети жеткен Орозбек Нусувалиевди негедир өкмөттөгүлөр көргүсү келбейт. Анткени ал барган жердин майын чыгарып, артта калган тармакты алдыңкы кылып таштаган мыкты касиети бар. Ага берилген “Мүлк долбоору” аягына чыкпай жалп этип өчтү. Андан кийин деле эки жылга чукул убакыт өттү. Тилекке каршы иштин көзүн билген, жалкоолорду тирсегинен илген, мамлекетке дилинен күйгөн Нусубалиевди эстеген жан жок. Анан бирдемке десе эле кадр жок деп этегин кагынып тура калышат. Турбайбы тигине, ошол бир ишке жарамак десең деле уккусу келбейт азыркылардын. Колу бош мырза айла жоктон биллиард атып убактысын өткөрүүдө. Өлкөдө болсо өрдөк жокто чулдук бий деген заман эки бутун сырайтып көтөрүп турган чагы. Атаганат, кадыры калыңдарды капчыктуулар басып алган заман келдиби деп бүшүркөп кетесиң. Кыбырарга айлаң жок болгон соң күчүңдү кептен чыгарбаганда кантесиң…
Булак: Ачык сөз