Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын адистери «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кирешесин аз көрсөтүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Тактап айтканда, Монополияга каршы жөнгө салуунун кызматкерлери «Кадастрдын» Финансы-экономикалык анализ жана мамлекеттик сатып алуулар башкармалыгынын жетекчисинен 3 миң доллар пара алып, 34 млн 969 миң сом кирешени 2 млн 500 миң сомго чейин кемиткени аныкталган. Анын кесепетинен мамлекетке 32 млн 469 миң сом зыян келтирилген.
Ошону менен бирге, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын текшерүүсүндө «Кадастр» кызматы 34 млн 969 миң сомду мыйзамсыз чогултканы белгилүү болгон.
7-февралда 32 миллион 469 миң сом акча жашырылганы боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын башкы адиси А.Э.У. кармалып, УКМКнын абагына киргизилди.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчилигинин бул кылмышка катыштыгы бар же жок экендигин текшерүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.