Аламүдүн райсотунан 27-февралда качты деген кылмышкер колго түштү. Уккан чыгарсыздар. Нарын облусунун Жумгал районун тургуну, Бишкекте жашап жүргөн 27 жаштагы Азатбек Алымкулов төрт жөкөрү менен май куюучу жайды тоноп 500 миң сомду алып кетишкен. Аз өтпөй алар кармалышкан. Баса, бу Алымкулов деген бандит мурун «каракчылык» беренеси менен соттолгон экен. Ошентип, 27-февралда соттолуучуларды СИЗО-1ден Аламүдүн раймилициясынын милийсалары алып кетет. Кечинде Алымкуловдон башкасынын баарын жеткирип берет. Беркини качып кетти дешет. Көрсө, Алымкулов эки милийсаны көндүрүп адегенде аялына барып учурашып, анан саунага барып кыздарга заказ беришет. Алымкулов бир кыз менен өзүнчө бөлмөдө болот. Убагы жеткенде берки эки милийса кылмышкер жаткан бөлмөгө барса, ал терезедн чыгып качып кетиптир. Эки милийса камакта. Алыкулов болсо, аялча кийинип, боюнда бар аялдын ролун аткарып жүргөн кезде кармалды. Биздин жерде ушундай да окуялар болуп жатат… бандитине да баракелде, милийсасына да баракелде!