Домой Саясат Качкын Бакиевден абактагы Атамбаевдин кадыры бийик!

Качкын Бакиевден абактагы Атамбаевдин кадыры бийик!

105

Кандай максат менен Курманбек Бакиевдин китебинен үзүндүлөрдү берип жатканына маани бергенде гана анын түбүндөгү “балээни” сезүүгө болот. Арийне, дале болсо Салиевич дегенде алдындагы аш куюлган табагын жылдырып жиберчүлөр табылат. Табылмак түгүл аябай түптөнүп баратышат, теле каналдарды, басылмаларды, сайттарды жандандырышып.

“Фас” деген команда берилбесе деле ыңгайына каратып Закиржанды даңктап, жактап калчулардын “тукуму” соолгон жок, кашайгырдыкы десе. Баса, ошол китептин каармандарын кынаптаган, бүйүр кызытып жазган кайсыл эптекей экени деле кээде айтылып калат. Бирок, автор Бакиев деп кутулуп кетишет, каратып туруп.

Эгерде автордун кебине ынансак “бүлүнткүчтөр” болбогондо шапар тээп мамлекетти башкарып жүрө бермек тура “жоор аттын” үстүнөн түшпөй. Айрыкча Роза Отунбаевага, Өмүрбек Текебаевге, Азимбек Бекназаровго окшогон “бүлүнткүчтөр” айга жаагын жанышып отуруп тактысынан жылмыштырганын сонун сүрөттөп бериптир. Тилекке каршы үкалары, кыйын чыкма уулдары аттан оодарганын айткысы келбейт.

Баса ошол “бүлүнткүчтөрдүн” арасындагы Алмазбек Атамбаев алты жыл өлкө башкарганын оозангысы жок. Бирок, канча белин кайрышса деле ал качып кетпестен кыргызстандын камагында жатканы чоң эрдик экенин журтчулук сезип турат. Ал эми алыста жатып алып сын тагып жүргөн кишинин өкүрсө деле үмүтү орундалып, жергебизге келбеси жалпыга маалым. Кан кое бербейт, демек ага жол жабык. Мактаганды жакшы көргөндөр алган шыбагасын ушинтип актоого муктаж экенин айтсак ырас кепти моюндашаар, кандай дейсиңер?

Булак: Ачык сөз