Домой Саясат Качиев менен Орозакунов 725 миӊ сомдук дөӊгөлөктөрдү уурдашып…

Качиев менен Орозакунов 725 миӊ сомдук дөӊгөлөктөрдү уурдашып…

378

Жалпыга маалым болгондой “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы экономиканын өнүгүшүнө салым кошуп жаткан чоӊ ишканалардын бири. Мына ушул ишкананын  мурунку кызматкери Качиев Медер, Курамаев Союз баштаган бир катар кызматкерлер  “24.кg” маалымат агенттигинде  “Кыргыз темир жолго” караштуу аскерлешкен күзөт  кызматынын жетекчиси Нурланбек Тамаевге каршы маалымат жыйынын өткөрүштү. Маалымат катары айта кетсек, аталган күзөт кызматы темир жол аркылуу башка мамлекеттерден ташылып келген ар кандай жүктөргө жана бул ишканага тиешелүү бардык  мүлктөрдү көздүн карегиндей сактоого милдеттүү. Медер Качиев маалымат жыйынында: “2018- жылы 68 адам, 2019-жылы 70тен ашуун адам кызматтан айдалган. Тамаев кызмат ордун 500 долларга баалайт”- деп “балп” эткен. Бул маалыматты азырынча айрым ЖМКлар эч кандай текшербестен эле Качиевди негизги маалымат берүүчү катары айтып, коомчулукка таратып жатышат. “Медалдын наркы бети бар” – дегендей биз Качиев айткан ал маалыматтар канчалык деӊгээлде чындыкка дал келет жана Качиев деген өзү ким, анын баскан жолу кандай деген суроого жооп издөөгө аракет кылдык.  Маселен, алар 500 доллар боюнча эч кандай далил айтып бере алышкан жок. Демек, ал жалпы коомчулукка айткан сөзүн  айныгыс далилдер менен аныкташы керек.

Экинчиден бир жылда 70тей адам кандай себеп менен кызматтардан кеткен? Бул маселе да чоӊ суроо. Мисалы, алардын ичинде:  миграция менен сыртка чыккандар, башка кызматтарга которулгандар, ден-соолук шартына, пенсия курагына жараша, өз каалоосу менен ж.б. себептер менен кеткендерди да эске алуу зарыл эмеспи. Кыскасы, бул жагын документ аркылуу эле текшере калса баары ачык чыгат.

Баӊгизат менен кармалып, 3 жылга соттолгон

Жалпы окурмандарга маалымат катары айта кетсек, 2016-жылдан бери Нурланбек  Тамаев жетектеген аскерлешкен  күзөт кызматында түндүк аймактары боюнча 400төн ашуун  адам эмгектенет. Жалпы коомчулук деле жакшы билет “Кыргыз темир” жолу ишканасында  буга чейин  “өзүм билемдик” ыкмасы менен иштеген кызматкерлер көп болуп келген.  Маселен, Качиев Медердин ишмердүүлүгүнө баам салып көрсөк, төбө чачты тик тургузган далилдер  жетиштүү экен. Бирок ал 1998-жылдан 2020-жылдын башына чейин кантип “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын аскерлешкен күзөт кызматында иштеп келген деген суроо туулбай койбойт? Анда сөз башынан болсун.

1974-жылы туулган Качиев Медер Сейиткулович  1996-жылдары  ИИМге караштуу Ички  иштер аскерлеринин  7701 бөлүгүнүн Беловодскте жайгашкан №16чы абакта күзөтчү болуп атайын келишим менен иштеп турган. Мына ошол жылы Качиев кызмат учурунда кылмыштуу аракеттери менен кылтакка илинген. Себеби, ал 1996-жылдын 7-июнда өзү иштеген  түрмөнүн ичине 134, 5 грамм баӊгизатты  катып алып кирип  бараткан жеринен кармалган. Жыйынтыгында  Аскер сотунун судьясы  О. Бешкоруков тарабынан ошол жылдын  30-сентябрында 3 жылга жатак абагына  кесилген. Бирок Качиев Медер 1998-жылы соттолгонуна карбай  “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасына күзөтчүлүк кызматка орношкон.

Демек, ал соттолгон соӊ, 1998-2019-жылдын этегине чейин “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканада, болгондо да курал-жарак менен иш алып барган  аскерлешкен күзөт кызматында кандайча  иштеп жүргөн? Чынында анын мындай аскерлешкен күзөт кызматында иштеши КРнын Курал боюнча мыйзамына каршы келет. Себеби, Качиев жогоруда айткандай 3 жылга соттолгон…

 Кесиптештери жана өкмөт тарабынан жесир аялга берилген акчаны кымтып алып

М. Качиев “Кыргыз темир жолунда”  иштеп жаткан  жылдары ар кандай тура эмес “өнөрлөрүн” өркүндөтүп, “өргө чаап” жүрүп олтурган. Эми бул сөзүбүзгө да далил келтирели. Ал күзөтчүлүк кызматта иштеп жүрүп,  өзү иштеген жамаатын ишенимине кирип, Аскерлешкен күзөт филалынын профсоюзнун жетекчиси болуп да иштеп турган.  Бирок аны 2008-жылдары  Аскерлешкен күзөт филалынын ошол кездеги жетекчиси А. Аскаров  Медер Качиевди кызматтан алган экен. Эмнеге дегенде ал жылдары күзөт кызматында иштеген  Балкыбеков. О аттуу кызмактер  каза болуп, аны акыркы  сапарга  узатууга мамлекет тарабынан 10 миӊ сом бөлүнүп берилип, ал акчанын үстүнө маркум Балкыбековдун кесиптештерин жалпысынан  30 миӊ сом чогултуп беришкен. Качиев профсоюздун башчысы катары ал 40 миӊ сомду Балкыбековдун жубайы Балкыбекова А.га жалпы жаматтын жана ишканын атынан тапшырууга милдеттендирилген. Бирок Качиев жыйынтыгында маркум Балкыбековдун жубайына 30 миӊ сомду  берип, калган 10 миӊ сомду өзүнүн сол чөнтөгүнө салып, кымтып алган. Мына ушундай эле көрүнүштү  андан мурун да дагы бир кызматкер Ж. Кендирбаев каза болгон учурда чогулган акчадан 1000 сомду   бербей, өзүнө алып койгондугу да ачыкка чыккан.

Качиев ошондо өлүм болуп, үй ээсинен ажырап, кан жутуп олтурган Балкыбековдордун жамандыгынан, жетим калган чиедей балдардын үстүнөн акча жасоого кантип дити барган деген суроо туулат. Ал  уялып калуунун ордуна кызматтан алынганына нааразы болуп, соттошуп жүрүп,  жыйынтыгында кайрадан кызматка орношуп алат. Мына кызык! Качиев сотто 10 миӊ сомду мамлекеттин акчасынан бербегендигин айтып, эӊ негизги жүйө катары аны бетине кармаган. Бирок 10 миӊ сом мамлекеттики болбогон  учурда да, ага аманат катары берилген ошончо кишинин 40 миӊ сомун эмне үчүн  сүйгөн жолдошунан айырылып, кан жутуп, кайгырып олтурган Балкыбекова толук берген эмес? Деги андай кылууга Качиевге ким укук берди эле? Кыскасы, бул иш Кудайдан коркпогон адамдын иши экенин бул окуянын чоо жайынан эле  толук түшүнүп койсок болот. Анан калса, Качиевге кайрадан кызматка орношууга мүмкүнчүлүк берип, анын  пайдасына мына ушундай чечим чыгарып берген судьялардын абийири (Бишкек шаардык сотунун судьялары 08.08. 2008-жылы чечим чыгарышкан) тууралуу сөз кылууга деле болбостур…

Качиев менен Орозакунов 725 миӊ сомдук дөӊгөлөктөрдү уурдашып…

Эми окурмандарга Качиевдин  үчүнчү кылмыштуу ишин баяндап берели. 2013-жылы да Качиев кызматта иштеп турганда кызматтык абалын кыяныттык менен пайдаланып, жеке кызыкчылыкты ишке ашыргандыгы маалым болгон. Октябрь райондук соту  (жаӊылбасак судья Сабитова) 2013-жылы Качиев Медер тарабынан жасалган кылмыш иши боюнча төмөндөгүдөй  аныктоону ЖМКларга тараткан. “Качиев 2012-жылдын 10-ноябрында кароолчу болуп өзү менен чогуу иштеген У. Орозакунов менен алдына –ала сүйлөшүп алып, түнкү саат он экилер чамасында  Аламүдүн жүк келүүчү станциясына келип, контейнердин пломбусун сындырып, анын ичиндеги “Максис” үлгүсүндөгү ар кандай өлчөмдөгү 174 дөӊгөлөктү уурдашып, Орозакунов айдап келген “Мерседес-Бенс” (кичи муршурт, мамлекеттик  номеру В8235АК) үлгүсүндөгү  унаага жүктөп кетишкен. Жыйынтыгында “Лунтай –  Трейдкс” деп аталган фирма уурдалган дөӊгөлөктөрдүн айынан  725 850 сомдон ашуун каражаттан кур калып, жабыр тарткан.

Чынында Качиев Медер өзүнүн тобу менен Кыргызстандын көзгө басар бир гана “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын аброюн түшүрүп, тебелеп-тепсеп коюшкан. Ошондой болсо да алар  кайра эле өздөрүнүн кызмат  ордуларында иштеп кала беришкен.

Кыязы, Качиев “отко күйбөс, сууга чөкпөстөрдүн” бири окшобойбу. Чынында Акаев, Бакиевдердин  учурунда, андан кийинки мезгилдерде деле  темир жолдун аймагында кайтарууда турган ар кандай мүлктөр шылуун кызматкерлер тарабынан уурдалып, андайлар өзүнчө бир топко айланып, катуу талапты коюп иштеткен жетекчилердин үстүнөн арызданып келишкени буга чейин да ЖМКларда көп эле жолу чагылдырылган. Балким,  Нурланбек Тамаев ошондой колу туткактарды колго чаап, өзүнө тагылган кызмат милдетин так  аткарбагандарды кызматтан айдагандыгы үчүн ушул сындуу такталбаган маалыматтардын курмандыгы болуп жүрбөсүн. Айтор, бул жагын да убакыт көрсөтөөр…

Кызмат ордунда жок болупкылтыӊдап

Качиев  Медер көп учурда түнкүсүн кызмат ордунда жок болуп, кызматын (кайтаруудагы постун таштап) өзү билгендей каалаган жака кетип калып жаткандагы боюнча да тишелүү жетекчиликке арыздануулар түшүп турган. Ошондон улам тиешелүү жетекчилер  түнкүсүн күзөтчүлөрдүн ишин 2019-жылдын 23-ноябрында  күчөтүлгөн тартипте   көзөмөлгө алышкан.  Жыйынтыгында  филиал ДЕПОну кайтарган 4 кызматкердин  3 уктап жаткан.  Ал эми Качиев Медер болсо жумуш учурунда кайтарган постун таштап кетип калган.  Ал ушул  кадамдары менен мамлекеттик маанидеги стратегиялык  мекемеге кооптуу абал жараткан. Медер Качиевдин 2019-жылдын декабрь айында жетекчи Н. Тамаевдин буйругу менен кызматтан алынган. Бүгүнкү күндө ал аскерлешкен күзөт кызматында иштебейт.

Мына ушундан кийин Качиев Медер  мамлекеттик органдарга өзүн туура эмес кызматтан алынгандыгын айтып,  Н. Тамаевдин үстүнөн арызданып жүрөт. Эми акыркы учурда маалымат жыйындарын дагы  уюштуруп, жалпы коомчулукка жалган маалыматтарды берүү аракетин кылып жатканы маалым болуп калды. Деги Качиев өзүн ким ойлойт? Ушунча былык иштерин каякка, кантип жашырат?  Бул кишинин артында ким жана кандай күчтөр турат. Кези келсе анын баары деле ачыкталып калышы ажеп эмес…

Булак: Багыт