Ланкастер университетинин профессору адам качан өлөрүн айтуучу түзүлүштү ойлоп тапты. Адамдын биологиялык өлүмү качан келерин билдирүүчү нерсе бул — анын кан айлануу системинин абалы. Биздин майда кан тамырларыбыздын ички катмары эндотелий деп аталат жана организмге кычкылтек менен азык болуучу заттардын жетип турушуна жооп берет. Жаңы медициналык аппарат мына ушул эндотелийдин абалын анализдеп көрүп, адамдын ден соолугунун жалпы абалын аныктайт. Келечекте мындай лазер аппараты медкароолордо колдонула баштайт жана беш жылдан кийин өлөрүн билип алган адам балким, ден соолугуна зыян алып келген ичүү, чегүү сыяктуу жаман адаттарын таштайт…