Жалал-Абад шаарындагы мейманканалардын биринен адам сатууга шектелип аял киши кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ош ШИИБдин криминалдык милиция кызматкерлерине Жалал-Абад шаарында 2000-жылы туулган кызды сатуу үчүн кардар издеп жаткан аял тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн. Териштирүү учурунда Жалал-Абад шаарынын 42 жаштагы тургуну Ч.М. 2000-жылы туулган М.Д. аттуу кызды 100 миӊ сомго сатууну көздөп жаткандыгы аныкталган. Ош ШИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери кызды сатып алууну каалаган адамдын ордуна атайын бир аялды даярдашкан. Кызды тез арада куткаруу операциясы иштелип чыгып, аны сата турган аял менен байланышка чыгышкан. Кызды сатууну каалаган аял М.Д.ны 100 миӊ сомго баалап, анын ата-энеси, сурап алар адамы жок экенин, аны каалагандай пайдалана беришсе болорун айткан. Соодалашуунун жүрүшүндө шектүү аял кызды 50 миӊ сомго сата турган болгон.
Атайын операциянын натыйжасында 14-август күнү Жалал-Абад шаарынын «Нур» мейманканасынын короосунда акчаны алып жаткан жеринен 1977-жылы туулган Ч.М. кармалды. Ал Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Окуя Жазык кодексинин 171-беренесинин негизинде (Кишилерди соода кылуу) Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
2000-жылы туулган М.Д.нын жакындары такталууда. Кыз моралдык-психологиялык жактан жабыркап, катуу коркуп калган.
16-августта кылмышка шектүү Ч.М.нын баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралып, ал 2 айга камакка алынган.