Акыркы убакта чыгармачыл адам — мамлекет, чыгармачыл адам — коом, чыгармачыл адам — тагдыр деген өңүттө талаш-тартыштар күч алды. Айрыкча чыгармачыл интеллигенциянын көрүнүктүү өкүлдөрү биринен сала бири арабыздан узап, айрымдары эгемендик жылдары коомдун калың катмары үчүн кадимкидей улуттук символго айлангандыктан, далайы жаны кейип, бир топтору өз дараметине жараша маселе козгоп, бул тема азыр көбүнүн бүйүрүн кызытып турган чагы.
Биз бир нерсени түшүнүшүбүз керек. Илгери совет мезгилинде мамлекет акын-жазуучуларды баккан экен. Ошондуктан адабиятты кесип кылып алган өзүнчө бир катмар өсүп чыккан. Ошолорго чындап кыйын болду. А бирок дүйнө тарыхын карап көрсөк мыкты акындар сөзсүз эле адабиятты кесип кылган эмес. Ал тургай адабият көбүнүн эрмеги гана болгон. Дүйнөгө атагы чыккан Омар Хаям деле негизинен илимпоз киши болгон экен. Өз убагында акын катары эмес, ириде математик катары аты чыккан. Азыр болсо адабият адамды баккан учур өтүп кеткен, айрыкча Интернет заманы баарын бузду (китебин сатып албай эле Интернеттен окуп алып атпайбы. Автордук укуктун сакталышынан бузулганы көп болуп атканы өзүнчө чоң тема). Ошондуктан адабиятка кесип катары карабай, илхам келгенде гана жазып коё турган нерсе катары карап эркин койсок, чыгарма ошончолук жакшы чыгат окшобойбу.
Бирок ошол жазылган нерсеге жоопкерчиликтүү мамиле — өзүнчө маселе. Себеби, элге алып чыгып атканда аудиторияны сыйлаш керек. “Халтура”жазып алып, “менин сезгеним ушундай, эмне кылайын” деп ачып кеткен же чийки тамакты дасторконго коюп сыйга чакыргандай мамиле туура эмес.
Экинчи жагынан адам жакшы жашаса эле чыгармасын да жакшы жазып калат деген да талаштуу ой-пикир бар. Жакшы чыгарма тескерисинче, түйшүктөн, түйшөлүүдөн, толгонуудан келип чыгат. Эгерде жакшы жашагандар жакшы жазат деген мыйзам ченем болсо биздин бизнеске кирип кеткен акындар Нобел сыйлыгын алмак.
Мыкты инсандар мыкты чыгармаларын кадимкидей эле эл катары жашап, кыйналып жүрүп жазышканын билебиз.
Шарт түзүп коюп, баарын даярдап берсе эле жакшы жазып калат дегенге да мен ишенбейм. Бул жөнүндө Түгөлбай Казаковдун “Эсимде” деген китебинде жакшы жазылган. “Эргүү келиш үчүн арак ичиш керек” дешти дейт. Бир жума ичтим, эч нерсе жок дейт. “Эргүү келиш үчүн жаратылышка шар аккан суунун боюна барыш керек” дешти дейт, бир жума жылбай жаттым, таш балакет жок дейт. “Эргүү келиш үчүн тигини кылыш керек, муну кылыш керек” дегенинин баарын жасап көрдүм, келген жок дейт. Анан бир күнү үйдө эле кадимки ишимди жасап отурсам ушундай бир келди дейт. Анын сыңарындай эргүү турмуш шарты менен да байланышпайт.
Үчүнчү бир жагы, эл кандай карайт билбейм, мен бир нерсеге кыжырым кайнап жүрөт. “Акындардын жүрөгү назик болот” деп итиркейди келтиришет. Акын болобу, башкасы болобу, эркекти назик деген кеп — аны кемсинтүү деп эсептейм. “Сен эркек эмессиң” деген эле кеп да? Анан ошого ого бетер “ии, ошондойбуз” деп үлбүрөп калышса, ого бетер чокудан ары чапкың келет. Акын — болгону башкалар деле сезип, туюп, бирок айта албаганды сиңимдүү кылып айта алат. Болгон өзгөчөлүгү ошол. Илгерки улуу ак таңдай акындар деле бирин-бири антип “назик” комплимент айтып үлпүлдөтүп ийгенин укпаптырмын. Азыркыларды эле Кудай урду, обу жоктонуп…
Эл арасында ушуга байланышкан зыяндуу стереотип да көп. Мисалы, ыр жазган киши ичип кетсе “аа байкуш, бул тагдыры үчүн ушинтип калбадыбы” деп узун сабак сөз кылышат. А мисалы, айылда бир сугатчы дейли, ошондой эле же андан да катуу бир нерсеге кейип ичип жүрсө “аа бул баягы алкаш” деп эле коюшат да, туурабы? Болбосо экөөнүн абалынын айырмасы кайсы? Балким сугатчы көбүрөөк кыйналгандыр? Түбүнө карай келсең ушундай жалган түшүнүктөр көп. Ашырбай деле, кемитпей деле, болгонун болгондой эле айтыш керек.
Маданият — стратегиялык тармак. Бул айныксыз чындык. Бирок бери дегенде үч өңүтү бар. Биринчиден, бизге кандай маданият керек? Кайсы маданият биздин улуттук өзөгүбүздү бекемдейт? Адегенде ошону чечип албайлыбы. Экинчиден, маданият кесип болушу керекпи же хоббиби? Мисалы, мен үчүн хобби. Болгондо да көп хоббинин бири, бирок эл үчүн ушунусу маанилүүрөөк окшойт. Болбосо мен өмүр бою иштеп эле келатам. Айрым учурларда чыгармачылыкка кайнаса каны кошулбаган иштерде жүрөм. Бирок, ошонун баары эч кандай зыянын тийгизген жок. Тескерисинче көп нерсеге көздү ачты. А эгер мейли, чыгармачылык кесип болсо кимдин эсебинен жашашы керек? Эгер аудиториянын эсебинен жашашы керек болсо — анда анын кандай форматы бар? Үчүнчүдөн, маданияттын өнүгө турган багыттарын ким аныкташы керек? Эгер мамлекет болсо — анда ырааттуу мамлекеттик саясат болушу керек да. Бизде болсо маданият багытындагы саясаттын өзү жок. Эмнени каалайбыз, эмне үчүн каалап атабыз, ага кантип жетебиз, тоскоол болгон жагдайларды кандай кылабыз деген ойлор жок. Анткени азыр формация өзгөргөндөн кийин мамлекет баарын камтый да албайт.
А бирок “мамлекет такыр эле кийлигишпесин, баары эркин болсун, ар кимиси каалаганын жасап басып кетсин” дегенге да кошулбайм. Чындап келсе бул чыккынчылык позиция. Бул чөйрө деле атаандаш чөйрө, стратегиялык тармак болгондон кийин. Демек тышкы күчтөр сөзсүз өз таасирин тийгизгенге аракет кылат. Кылып да атат. Маданият — геосаясий атаандаштыктын стратегиялык тармактарынын бири. Билим берүү — стратегиялык тармак. Тарбия — стратегиялык тармак. Анткени ушунун баары биригип келип адамдын өздүгүн, баалуулугун, дүйнө таанымын жана жарандык позициясын калыптандырат. Мээси менен жүрөгүндө кайсы программа жатканын аныктайт. Бизде болсо кайсы тарап ресурсун жумшап, жакшыраак тартып койсо эле маданият (тарбия, билим берүү да) ошолорго кызмат кылып калып атат. Баары эле биздин элге кирип келип өзүнүкүн сиңиргенге аракет кылып атат. Музейде чечингенден тартып парламентке намазкана салдырууга чейин. “Укугум бар, уятым жок” дегенден тартып “Манасты” сөккөн, Айтматовду ашаткан зоопаркка чейин…
Ошентип, оңго оонасак Ооганстандын жолун жолдоп, солго имерилсек итке калпак кийгизген айбан чалыш ашынган либерализм ырсалактап, артка кайтсак орусташуу оп тартчудай болуп турат…
Соо жерибиз жокко эсе.
Андыктан маданият жаатындагы ойлонулган, ырааттуу, биринчи иретте улуттук кызыкчылыкка багытталган, ошону менен бирге азыркы замандын өзгөчөлүктөрүн да эске алган саясат — сөзсүз керек деген жыйынтык келип чыгат.
Алыс барбай эле кыргыз адабиятынын тарыхын да эгемен өлкөнүн позициясынан кайра карап чыкканга мезгил жетти. Анын ичинде мектеп программасы да бар. Мына, мамлекеттин бир ролу ушунда да жатат. 30 жылдан бери ошол да жасала элек. Эчак актуалдуулугун жоготкон, өз убагы үчүн гана баалуу болгон халтураларды жаттата бербей, иргеп чыгып, чыныгы улуттук, адамзаттык баалуулуктарды жайылта тургандарын калтырыш керек. Андайлардын арасына кирбей калгандары көп. Биздин адабият бизге кызмат кылбаса, биздин адамдарга кызмат кылбаса анда эмне кереги бар? Качанкыга чейин Кыргыз ССРи болуп жүрө беребиз, Кыргызстан болбойлубу, маданиятта дагы…
Айтмакчы, мамлекет баарын багышы керек дегенге да кошулбайм. Анткени анда бийлик оосурса да «ак чүч» деп турган күн карама катмар пайда болот (андайлар ансыз деле толтура). Биздин шартта эл мамлекет деп бийликти гана түшүнөт. Бирок тилекке каршы улуттук кызыкчылык менен бийлик башындагылардын кызыкчылыгы дал келбей, тескерисинче карама-каршы келген учурларды биздин эле кийинки тарых бир эмес, бир нече жолу көрсөтүп койду. Анын үстүнө талант, анын ийгилиги жогоруда айтылгандай багууга жараша болбойт экен.
Анан дагы бир нерсени эсепке алыш керек. Миллиондой кыргыз кара жанын карч уруп тышта жүрөт. Ошолорго жок дегенде жумуш ордун түзүп бере албай аткан мамлекеттин абалы бул болсо, дегеле чыгармачыл адам болгону үчүн эле колдоо күткөн туура элеби? Анда кыргыздын “элде болсо менде болсун, эл менен көргөн той” деген принциби кайда калат?
Бирок мамлекет тыңыраак болсо, эмне каалаганын билсе, жок дегенде багыт бере алат эле. Жок дегенде жакшы эмне, жаман эмне экенин ажыратып бере алат эле. Жакшы деген нерселерди колдоп элге үлгү кылып бере алат эле. Жакшыны көрмөйүнчө жамандын жамандыгы билинбейт экен. Жарык чыкмайынча караңгыда жашап атканыңды байкабайсың.
Ошондуктан мамлекет конкреттүү адамдарды эмес, ЧЫГАРМАЛАРДЫ ар кандай жолдор менен колдосо болот (үй береби, мектеп программасына киргизеби, китебин сатып алабы ж.б). Ошондо ал улуттук идеология жаатында өзүнүн да максатын ишке ашырмак, авторго да колдоо болмок. Эмне үчүн кишилерди эмес, чыгармаларды колдосун деп атам? Анткени адам өзгөрмөлүү, баалуулук туруктуу. Экинчиден авторлор да жөн эле жардам күткөн пассивдүү позициядан активдүү позицияга өтөт. Үчүнчүдөн аны көрүп башкалар да ошого жараша түздөн баштайт. Чыгармачылык — бул эмгек. Ошондуктан конкреттүү эмгек бааланышы керек.
Баса, мамлекет байып кетсе эле мыкты маданиятка ээ болуп калабыз деген пикир да туура эмес. Араб мамлекеттеринин бир тобу ЧИРИГЕН бай, бирок дүйнөлүк маданиятка кошкон салымы анча байкалбайт.
Тарыхка кайрылып келсек, совет маданиятын таптакыр жерүү да туура эмес. Орусташтыруу жана башка терс жактарына карабастан ал да биздин тарыхыбыздын бир бөлүгү. Айтматов деле, Сыдыкбеков деле, Касымбеков деле, биз туу тутуп жүргөн акындар жана кино корифейлери деле СССРдин шартында мыкты чыгармаларын жаратышкан. Эмнегедир алардын деңгээлиндеги нерселерди жараткан адамдарды да анча көрө элекпиз го?
Же азыр да Москва айыптуубу?
Бул бир гана нерсени көрсөтүп турат. Дегеле кандай болбосун бир нук керек, суу агып кетиши үчүн. Анан ошол нукта чыныгы талант баары бир өзүнүн жолун табат. Системага каршы туруп (мурдагы Айтматов), ага бейтарап, үстүнөн карап (кытай жазуучусу Лу Синь), кээде аны коштоп (Шолохов)… Биз болсо 30 жылдан бери чөөт болуп эле жатабыз. Ошол чөөттөн чыгып дегеле улуттун кызыкчылыгын көздөп, алдыны көздөй агууну ойлобойлубу. Аккан Сууда арам жок го, акыры…
Албетте, бул бир күндө чечиле кала турган да нерсе эмес. Ушунча жылдан бери топтолуп калган нерселерди тез арада талдап жибериш деле оор болсо керек. Кызыкчылыктар да ар башка заман болду, реалдуулук да татаалдашты. Ошондуктан дагы далай кызыл чеке талаштар, талкуулар жатат окшойт, алдыда.
Учуру келгени чын болсо — башташ керек. Чыныгы турмуш — ошонусу менен да турмуш.
Жыргалбек Касаболотов