— Жыпар Жекшеевич, саясатты, бийликтин күнгөй-тескейин, оппозиция багытын терең билген адам катары бийликти басып алууга аракет кылып, бирок купуя сырлары ачыкка чыгып калган: Бекназаров, Сарыгулов, Асанов, Кадыров, Карыбековдор тууралуу оюңузду ортого салсаңыз?
— Булар мен үчүн чаламандын чак түшүндө түз жолдон адашып, чытырман токойго же бир үңкүргө кирип кеткен адамдардай эле болуп калды. Негизинен алар бийликке кокустук менен, революция болгон учурларда, же башка жолдор менен келип калышкан адамдар экенин эл билет. Чоң кызматтарда туруп, кыйратып иштешпеди же өз алдынча ишкерчиликти уюштура алышкан жок. Саясатта бир эле сөзүң менен элге жек көрүнүп, катардан чыгып, саясый өлүккө айланып калышың толук мүмкүн. Демек, бул адамдар накта саясый өлүккө айланышты да. Не дегенде алар бүгүн эле асмандан Кыргызстан деген мамлекетке түшө калышып, өздөрүн өтө кыйын сезишип, алжыган адамдардын ишин кылып коюшпадыбы. Мамлекетте, коомдо оппозиция сөзсүз болушу керек. Ал оппозиция мейли кээде туура эмес же бир аз апыртып айтса да, бийликтин кемчиликтерин дайым айтып, көрсөтүп турганы жакшы. Бирок, айтып гана тим болбой өздөрүнүн туура сунуштарын, көйгөйлөрдү чечүү боюнча конкреттүү идеяларды, программаларын да билдирип турушу зарыл. Күчтүү оппозиция деп мыйзамдын алкагында кынтыксыз иш жүргүзүп, тазалыгы, калыстыгы, өзүнүн интеллектуалдык деңгээли, акылы, билими менен кетирип жаткан кемчиликтери менен бийликти уяткарып тургандарды айтса болот. Бүгүнкү оппозицияны көрүп, көчөдөн чогулуп калган хулигандарды, криминалдарды эле көргөндөй болуп жатам да. Бул сөз менен акыркы 25 жылдан берки эң төмөнкү деңгээлге түшүп кеткен оппозиция ушул оппозиция деп айтат элем. Эми булар кайсы жүзү менен саясый лидербиз деп айта алышат?
— Жоопко тартуу маселеси абдан жеңил болуп калды деген пикирлерге кошуласызбы? Сарыгулов үйүнө камалса, Бекназаров эркин жүрөт…
— Биз 25 жылдан бери демократия, демократия деп олтуруп, жаныбыздагы мамлекеттерге салыштырмалуу кыйла алдыга озуп, карааныбыз көрүнбөй калды да. Сөз эркиндигин туура пайдаланбай, аша чаап, ар кимибиз жарандык милдетибизди унутуп калдык. Ар бир айтылган сөздүн жоопкерчилиги болот. Биз үчүн азыр демократиянын кадыр-баркын кетирип, такыр жокко чыгарбай, кайра калыбына келтирүү зарылчылыгы келип чыкты. Ушундай көрүнүштөрдөн улам бийликти бир саатта эле басып алам дегендер чыгып жатпайбы. Ошондуктан коомго, башкаларга сабак болуш үчүн бул адамдар сөзсүз түрдө мыйзамдын чегинде жеңилби, оорбу, айтор жазасын алышы абзел. Антпесе болбойт. Моралдык, ыймандык жагынан элдин алдында абдан эле шерменде болушту. Эми мамлекет өзү укуктук жагынан өз чарасын көрүп, бул маселеде кийинки муундарга да үлгү болгондой кылуу зарыл. Дагы бир айта кетчү нерсе- бул жерде үчүнчү күчтөр да өз таасирлерин тийгизип жатат деп айтсак туура болчудай. Анткени, акча маселесин ошолор чечип, колдоо көрсөтүп жатышы толук мүмкүн. Эрнест Карыбеков деген неме да бекеринен Өзбекстандын атайы кызматы менен кызматташкан жок да. Белгилүү болгондой, ал мамлекет менен АКШ жакшы мамиледе, ал эми Америка биздин Россия менен жакын мамиледе болгонубузду, чечкиндүү саясатыбызды каалабайт. Өзбекстан деле ар кандай шылтоо таап, кыр көрсөткөнгө аракет кылып жатпайбы. Айтор, Өзбекстандын атайын кызматынын биздин бийликти бөлүп-жарып, акыры бийликке өздөрүнө кол куушуруп, аке-жакелеп турган адамдарды алып келүү максаты ачык эле көрүнүп калганын жашырбай эле айтышыбыз керек. Бул маселеде, албетте Америка да аларды абдан колдоого алат. Президенттин мөөнөтү бүтүүгө улам жакындаган сайын – бизге көзү түз эмес мамлекеттер ушинтип, активдүү саясат жүргүзүп, ансыз да биздин арабыздагы акчага сатылма, эки жүздүү толтура саясатчы сөрөйлөрдү пайдаланып, алардын бирин такка олтургузууну каалап турушканын ар бирибиз билип, ага каршы турушубуз зарыл.
— Эми бийликтин негизги үч бутагы тууралуу суроо берейин. Президент стратегиялык маселелерди өзү чечип, сырттан акча таап келип, көп эле жакшы иштерди жасап жатат, аны жалпы эл билет. Сиз президенттин ишиндеги негизги кемчиликтерин айтып бериңизчи?
— Туура, жетишкендиги жалпыбызга түшүнүктүү. Ал эми президенттин ишиндеги негизги кемчиликтердин бири – өзү түптөп, көтөрүп алып чыккан КСДПга кокусунан кирип кеткен адамдардын аз эместигинде болуп жатат. Алардын баскан жолдорун карап олтурсаң, ар кайсы партияларга секире беришкен, бир топ кызматтарда таза иштешпей булганып калышкан ж.б. дегендей. Мына ошондой адамдар президенттин партиясына кирип, ал аркылуу кайра эле өтө жооптуу кызматтарга келип жатышканы элге жакпай турат. Туура, мындай көрүнүш КСДПда эле эмес, бардык саясый партияларга мүнөздүү. Жогоруда айткандай, бул жагымсыз нерседен КСДП да кутула алган жок. Ушундан улам президенттин ишене турган командасынын чабалдыгы көрүнүп турат. Атамбаев Акаев же Бакиевдин кылгандарын кылган жок, алардын жасаган иштеринен алыс болгону менен, айрым учурларда элдин алдына чыкканда ачуусун кармай албай, эмоцияга алдырып, ашыкча сөздөрдү айтып жиберип жатат. Жымсалдап, дипломатиялык жолдор менен айта турган ыкмалар бар да. Саясатчылардын көбү кынтыксыз, жасап-түзөп сүйлөшөт. Чындап келгенде алардын сөзү менен иши айкалышпайт. Ал эми Атамбаев эмоцияга алдырып койгону кээде бизди ыңгайсыз ахыбалга такап койгону менен – анын да өзүнчө бир артыкчылыгы бар. Бир сөз менен айтканда, ал уникалдуу, башкача саясатчы да. Ал оюндагынын баарын ачык айтат. Андай учурларда шылтоо издеп тургандарга жага бербей, өзү бир аз сөзгө да калып калат. Бирок, Атамбаев жасап, түзөп, эки жүздүүлөнүп сүйлөбөйт, болгонун болгондой айтып салат. Мага ушунусу жагат. Бул сапатын саясатчы катары, кемчилик деп да айтсаң болот, ошондой болсо да түпкүлүктүү ойлоп келсең, чанда гана саясатчыларда боло турган артыкчылык деп да айтса болот. Ал эми Атамбаев мамлекет башчысы катары- кадр маселесине жакшы көңүл бурбай жатат. Өзү коррупцияга каршы күрөштүн башында турганы менен, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп жатышкан Башкы прокуратура, ИИМ, сот бийлиги тазаланган жок, бул тармактарда таза эмес адамдар арбын. Анан алар кантип коррупцияга күрөш жүргүзөт? Кээде арты таза эмес, элге жакпаган шектүү адамдарды чоң кызматка олтургузуп койгону да көпчүлүккө жакпаганын жашырбашыбыз керек. Чынында бир кишинин колунан баары келбейт, кээде тегерегиндегилер да көп нерсени чечип койгон учурлар кездешет.
— Жогорку Кеңеш боюнча кандай пикирдесиз?Ичиңиз чыгабы?
— Жогорку Кеңештин мамлекеттик бийликтеги орду барган сайын тереңдеп, күчөп баратат. Бирок, сапаты талаптарга анчалык жооп бербей жатканы чын. Себеби, депутаттардын деңгээли, акылы – акыркы учурларда акча, байлык менен ченелип калбадыбы. Акчаң болсо, күчтүү таанышың болсо депутат болосуң, болбосо жок дегендей. Негизи биз мындай көрүнүштөрдү башыбыздан өткөрүп, мындай жолдорду басып өтүшүбүз керек. Бул илгертен келе жаткан табигый көрүнүш. Бул жолдорду өнүккөн мамлекеттердин баары тең басып өтүшкөн. Азыркы тандаган жолубуз туура, бирок ал жолдун таза, шыдыр кетпей жатканы ар кандай көйгөйлөрдү, оорчулукту туудуруп коюп жатат. Мезгил улук сот эмеспи. Мезгилдин өтүшү менен элибиздин, саясатчыларыбыздын аң-сезимдери өзгөрүп, жоопкерчилик да кыйла жакшырып, талапка жооп берип калат деп ойлойм. Кыргызстан азыркы турушу, абалы менен коңшу мамлекеттерге үлгү болуп бере алат, алар бизге үлгү болуп бере алышпайт, буйруса келечекте бул маселе боюнча дагы да болсо биз алдыга озобуз.
— Өкмөттүн кемчиликтерине жана Темир Сариевдин мүмкүнчүлүктөрүнө кандай баа бересиз?
— Өкмөт – боксёрлордун муштагылап машыга турган мүшөгүнө айланып калды да. Биринчиден, өкмөт парламентке окшоп, чоң чечимдерди кабыл ала албайт, көзөмөлүнөн да чыга албайт, экинчиден, президенттин көзөмөлү да турат. Аткаруу бийлик болгондуктан ортодо кыпчылып калып, саясый, экономикалык кризис болгон учурларда жалгыз гана өкмөт күнөөлүү деп туруп, улам кетирип, улам жаңысын алып келип жатышпайбы. Өкмөттү улам алмаштыра бергенден пайда жок. Өкмөттүн жасаган иши кыска убакытта көзгө көрүнүп кетпейт. Мына ошону жакшы түшүнбөй жатабыз. Азыркы өкмөт чечкиндүү, жакшы кадамдарга барып жатканын колдоого алуу керек. Бул боюнча бир катар мисалдарды айтсак жетиштүү болот. Кыскасы, мен азыркы өкмөттү жаман деп айта албайм, ал эми Темир Сариевдин тажрыйбасы бай, ага жараша мүмкүнчүлүктөрү да жетиштүү.
PS:Урматтуу окурмандар! Эмки саныбызда бул маектин уландысында: Жыпар Жекшеевге миллиондогон пара сунуштаган саясатчылар тууралуу, баш тарткан чоң кызматтар, эмне үчүн депутат болбой калганы ж.б. бүйүр кызыткан маалыматтарды окуй аласыздар.
Маектешкен Айбек Шамшыкеев