Домой Пайдалуу кеңеш ЖЫНЫСТЫК КАТНАШ УЧУРУНДА ТОСКООЛ БОЛГОН ҮЧ КАТАНЫ БИЛЕБИЗБИ?

ЖЫНЫСТЫК КАТНАШ УЧУРУНДА ТОСКООЛ БОЛГОН ҮЧ КАТАНЫ БИЛЕБИЗБИ?

163

Төшөктөгү каталар сүйүшкөндөрдүн мамилесинин бузулушуна тир топ таасирин тийгизет. Бул абалды болтурбоо үчүн сексолог адистер сунуштаган үч принципти кармануу керек.

Сексолог адистер түгөйлөргө төшөк катнашындагы төмөндөгү үч катаны кетирбөөгө кеңеш беришти. Алардын айтымында, бул принциптерди кармагандардын мамилелери ого бетер жакшыра түшөт.

1. Уят. Жыныстык катнаштын чектөөсү болбойт. Махабатка бөлөнүү бир калыпта боло бербеш керек. Төшөк катнаш учурунда ар кандай аракеттерди колдонуп көрүүдөн уялбаш керек. Окшош калыптан качып, башка түрдүү ыкмаларды колдонуп, төшөк катнашын жандандыруу аркылуу жаңы түрткү берүү маанилүү. Ошол учурда гана түгөйлөрдүн жашоосу түрдүү таасирлерге толот.

2. Салыштырбоо. Төшөк катнашы учурунда сүйүктүңдү мурунку ашыктарың менен салыштырган туура эмес. Себеби, салыштыруу аркылуу адам өз сүйүктүүсүнө ишенбестикти пайда кылат.

3. Сунуш жасоо. Жыныстык катнашка болгон жалындуу сезимди жашырбаш керек. Анткени, түгөйүңүз төшөктөш болууга өзү гана сунуш киргизе берсе, сиздин аракетиңизди кызыгуучулуктун жоктугу деп кабыл алып калат. Ошол себептүү, сүйүктүүңүздүн алгачкы кадамын күтпөй, кээде өзүңүзгө да аракет кылууга туура келет.

Булак: mediaplov.asia