Домой Тагдыр Жылдыз: “Күйөөм токмоктун кесепетинен эркектик касиетинен ажырады”

Жылдыз: “Күйөөм токмоктун кесепетинен эркектик касиетинен ажырады”

237

Аялды бактылуу кылуу аны жалаӊ эле материалдык жактан камсыздоо менен эле чектелбейт эмеспи. Үй-бүлө болгондон кийин жубайлардын ортосундагы таарынычты жаза турган аял менен эркектин ортосундагы өзгөчө байланыш бар экендиги баарыӊыздарга эле маалым болсо керек.  Биздин бүгүнкү каарманыбыз ушуга байланыштуу кейиштүү баянын төмөндөгүдөй айтып берди… 

—Ачыгын айтсам биз башында бактылуу үй-бүлөлөрдүн катарын толуктачу элек. Кыйынчылыктын баары күйөөмдү көпкөн зөөкүрлөр катуу токмоктоп кеткенден кийин башталды. Эмесе кеп башынан болсун. Арзымат экөөбүз бир айылдан болгондуктан мектепте окуп жүргөн кезибизде эле бири-бирибизди жактырчубуз. Мен андан эки класс төмөн окучумун. Ошондо менин артымдан чуркаган  жогорку класстардын биринде окуган Дөөлөт деген дагы бир жигит Арзымат менен көп чатакташып жүрчү эле. Арзымат андан эки жаш кичүү болсо да аны далай жолу сабаганын өз көзүм менен көргөн элем. Көрсө, ал күйөөмө аябай кек сактап калган экен… Кийин ал мени күчкө салып ала качканда Арзымат достору менен барып мени алып кеткен болчу. Бул окуядан эки ай өткөндөн кийин Арзымат экөөбүз турмуш курдук. Дөөлөт болсо кошуна айылдан үйлөндү. Бирок , ал мас болгон сайын биздин үйдүн жанына келип алып оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп тынчыбызды алчу. Арзымат андай учурда ага көп теӊелчү эмес.

Чыдоонун да чеги болот эмеспи.  Бир күнү өзүн карманалбай Дөөлөттү былчылдата тепкилеп салган эле. Ал ызаланып:

—Шашпай тур! Мен сени эркектик касиетиӊден ажырата албасам каапыр болоюн,-деп сөөмөйүн кезеп айткан эле.

Арзымат анын сөзүнө намыстанып:

—Билген намазыӊды оку!-деп ого бетер күчөп сабаганда кошуналар араӊ ажыратышкан.

Ошону менен арадан бир жума өткөндөн кийин Дөөлөт досторун атайын чогултуп келип күйөөмдү үлүшкө тийген жерди сугарып жүргөндө сабашыптыр. Анда мен төркүнүмдө жүргөн элем. Жагымсыз кабарды укканда райондогу ооруканага жетип келдим. Дарыгерлер мени палатага киргизбей, анын абалы абдан оор экендигин билдиришти. Айылдагылардан укканыма караганда Дөөлөт күйөөмдөн эзелтен берки өчүн алган ошол эле күнү шаарга качып кетиптир. Анын ата-энесинен тышкары досторунун ага-туугандары кайнатама келип кечирим сурашып, күйөөмдүн дарылануусу үчүн чоӊ суммадагы акча каражатын сунушташты. Бул иштин аягы  “кыргызчылык”  эрежеси менен акыры ушинтип бүттү… Акчаӊ менен куруп кал! Арзымат шаардан дарыланып келгенден кийин ишке жарамдуу болгону менен өзүнүн эркектик милдетин аткара албай калды.  Аттиӊ… Дөөлөт анын талуу жерине катуу тепкен окшойт. Арзыматтын учурдагы абалына зээним кейигендиктен аябай стресс болуп жүрөм. Ал алгач өзүн менин алдымда күнөөлүүдөй сезип жүрсө, акыркы учурларда көӊүлүмдү калтыра турган сөздөрдү  көп айтчу болду. Бир жолу достору менен майрамдап кызуу болуп келип:

—Сен мен иште жүргөн кезде бирөөлөр менен жакындашкан жоксуӊбу?-деди ызырынып.

—Жинди болбочу!  Эмне мен сага аягы суюк аял көрүнүп жатамбы?!-десем күтүүсүздөн жаакка чаап жиберди.

Андан кийин дагы бир топ жаман сөздөрдү айтып сыртка кубалап чыкты… Учурда күн сайын экөөбүздүн мамилебиз сууп баратат. Бул тууралуу апама айтсам ал:

—Кызым, майып адамга ушинтип кор болгуча ажырашып эле кетпейсиӊби? Азыр жашсыӊ да,-деди  ачыгын эле айтып.

А мен апама күйөөмдү аяп жатканымды айтсам нааразы болуп башын чайкап тим болду…  Биздин ортобузда бала жок болгону аз келгенсип, күйөөмдүн эркек катары мага жакындаша албай калганы мени азыркы кезде көп ойлонтчу болду. Чындыгында ажаш эмесминби. Кеч боло электе башкага турмушка чыгып алсамбы?..

Даярдаган: Нурпери  ИСАБЕКОВА