Экс-депутат Жылдыз Жолдошева «Чындык, өз убагында айтылышы керек»-деп төмөнкү пикирин билдирген.
«Бүгүн, 23 июнь 2020 жылы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кримтөбөл А. Батукаевтин иши боюнча чечим кабыл алды. Башкаларын билбейм, бирок Индира Жолдубаева күнөөлү деп табылганына макул эмесмин.
Анткени, КР ЖКнин V-чакырылышы ушул маселени караганда ошондогу республикабыздын башкы прокурору Аида Салянова Батукаевтин «адвокаты» болгонун депутаттар эле эмес, бүт жумурай журт күбө болгонсуңар. Азыр болсо Аида Салянова күнөөлү эмес экен, себеби Салянова тергөө менен » кызматташууга» барган. «Кызматташуу»-деген терминди мен » саткынчылык»- деп түшүнөм…
Чыныгы күнөөлүлөр А.Атамбаевти сатышты, Вице Премьеринен баштап, прокурору, соту ж.б. Жалгыз, И. Жолдубаева эч кимди саткан жок, кыргыздын кызы болсоң ушундай бол… Индира Ырысбаевна, Сиз менен эртеби, кечби элиңиз сыймыктанаарына ишенем. Эң жогорку Сот, бул абийир… Сиз абийириңиздин алдында тазасыз, андан өткөн эрктүүлүк болбойт… Ак ийилет, бирок сынбайт!»