Домой Коом Жылаңачтанып, сулуу болбой эле койгула, кыздар! Сулуулук — деген ыйманда…

Жылаңачтанып, сулуу болбой эле койгула, кыздар! Сулуулук — деген ыйманда…

981

Аз күн мурун Бишкекте «Мисс Бишкек -2017» аталышындагы сулуулар сынагы өтүп, жеңүүчү болуп, 17 жаштагы студент Айзирек Мамытбекова табылыптыр. Бирок ал секелек кыз: «Жакында эрге тиймекчимин» — деп биринчиликтен баш тарткан соң, анын орду (титулу) экинчиликти ээлеген Айзат Кадыровага тийди. Эми Айзат республиканын атынан Эл аралык сулуулар сынагына катышмакчы. Биздин айталы дегенибиз, бул эмес. Кептин багыты такыр башка.

Жамиля ишенбаева

Акыркы жылдары денесин жыпжылаңачка жакындатып, дырдайып, бөлөк-салак, ийрелеңдеп, тайталаңдап элдин алдына, коомчулукка чыгып, мактанган кыздар, аларга шилекей агызып, мактагандар да көбөйдү. Ушундай эле сынак ж.б. жолдор менен. Уюткулуу улуу журтпуз деп мактансак укмушпуз. Улуу журттун кыздары качан эле жылаңачтанып, элге дырдай денесин көрсөтчү эле? Денесин кой, чачын да көрсөтчү эмес, чач го мейли, ал заманга жараша саксайып, барпырап, ачылып, чачылып кетти дейли. Кайната маңдайында эри өлгөн жесирдей чачын чачып салып, апсыйып ийменбей олтурган келиндердин кылыгы кадыресе көндүм адатка айланып барат. Ошого уруксат берген улуу кишилер дагы арбып бараткансыйт. Бул деген нарктуулуктун жоголгону эмей, эмне?  Эми жанагы биринчиликтен баш тарткан кыз күйөөгө тийип, кайната-кайын энеге кызмат кылам деп жатыптыр. Кылсын, бирок аны ала турган баланын ата-энеси туугандары деле кыздын баскан-турганын, өнөрүн талкуулашат да. Ошондо куда-кудагыйлар жаңы “келиндин” жылаңач денесин, эркектердин шилекейин агызган фигурасын талкуулашабы?! Параметри баланча, жоон сан жамбашы мынча, төшү  тигинче деп… Мындай көрүнүш, кеп-сөздөр сынакка катышып жүргөн бардык кыздарга тиешелүү. Жаңы келген келиндин мурда-кийин ар кандай сулуулук сынагына катышып жүргөнүн уккан кайын тараптан бир тобу: “Оу, биздин келин көптү көргөн турбайбы, өнөр бар турбайбы” –ден ар кандай шек саноолорун ачык эле айтышат. Кыз кишиге ушундай сөздүн кереги барбы? Мындай сөздөрдү уккан ата-энелер деле айлары куруп, жерге киргени аз калышат го…Кызга —  алакандай абийирин сактап, эне болуу бактысынан  ашкан бакыт барбы?! Албетте, жок!

Жамиля ишенбаеваМындай кесептетүү көрүнүштөргө кайдыгер карабай, кыздарыбызга ыйман берсин деп, ыйман тилебейлиби?! Коомчулуктун талкуусун күчөтүп, бир ооздон тыйбайлыбы! Мончоктой  сулуу кыздарыбызды суук көздөрдөн, суук сөздөрдөн сактабайлыбы? Акыркы жылдары анча-мынча жеңил ойлуу, жаш кыздарды “сен сулуусуң, сынакка катыш, сени укмуш кылабыз, чет өлкөгө жиберебиз” – деп  сынак уюштурушкан куу капталдар да арбып кетти, алар жаш, чырайлуу кыздарды жакшы эле пайдаланып жатышат десек болот. Маселен, “Супер инфо” гезити бир топ жылдардан бери кыргыз кыздарын жылаңачтап, элге жар салып келет. Ал гезиттин бул кылыгына коомчулук жапырт нааразычылык билдиргенине карабай токтоткон жок.

Бул деген Европадан келген ыпылас көрүнүш.  Жеңген кыздарды чет өлкөгө жиберет, даңазайлайт. Мактайт, таптайт. Дагы эмне ыпылас ишин кылат, айтор… Бирок жең ичинде, көшөгө артында эмне болуп жатканын бир Кудай жана өздөрү жакшы билбесе…Коомчулук болсо, акыл калчап, болгоолоп турат, сулуулардын көбүн кандай окуя, кандай тагдыр күтүп турганын. Башка мамлекетерди туурап алып эмне кылабыз, өз салтыбызды сактайлы да. Эртең башка мамлекеттин кыздары дырдай жылаңач жүрө баштаса, биздин кыздар да маймылдай болуп аларды туурап, жылаңачтанып алышыбы? Кой, эсиң барда этегиңди жаап! Ансыз деле, Бишкекте сойкуканалар, сойкулар көбөйдү го…Этек-төшүн көрсөтүп эдиреңдеп эч кимди көзгө илгендер да арбын.

Жамиля ишенбаеваНегизи эле сынактан жеңгендерди ж.б. андай сынактарга катышкандардын көбүн уюштуруучулар, кыз жандуу байлар, саясатчылар акчанын күчү менен “уйпалап” коюшары көпчүлүккө маалым, тагдырына балта чаап дегендей. Бул тууралуу оозун көптүрүп мактанып айткан капчыктуулар да  жок эмес. Чынында бул көрүнүш  бизде эле эмес. Бүт дүйнө жүзүндө кездешет.

Кыскасы, бул маселе стандарттык түрдө ДҮЙНӨЛҮК ПРАКТИКАга айланып баратканы өкүнүчтүү. Андыктан, сулуулар сынагы деген ислам динине, элибиздин каада-салтына туура келбеген жаман жорукту токтотпойлубу, кеч болуп кала электе… Бул маселе мамлекетке да, элге да, ошол жылаңач кыздарга да эч кандай аброй алып келбейт.  Сиздер да үн кошкула, урматтуу туугандар, урматтуу замандаштар!!! Кыздар силердин жылаңачтанып сулуу болгонуңар курусун!  Чыныгы сулуулук ыйманда, нагыз сулуулук жүрөктө! Ушуну унутпагыла, кыргыз.

Булак: Чагылган