Домой Саясат Жүрөгү ооруган Камчыбек Ташевге кайрылуу: Баарына үлгүрөсүз. Бирок, эгер…

Жүрөгү ооруган Камчыбек Ташевге кайрылуу: Баарына үлгүрөсүз. Бирок, эгер…

361

Жакында Камчыбек Ташиевдин ден-соолугунан жабыркап, ооруканга жатып чыкканы боюнча маалымат тараган. Камчыбек мырза, бул тууралуу мындайча кайрылган: «Урматтуу Кыргыз калкым!
Эч кимге айтпай 3 кун ооруканада жаткандан кийин билип калдынар,миндеген миндеген адамдар дуба кылышып,каалоолорун айтышты,мен копчулугуно жооп бере албадым,баарыныздарга терен ыраазычылыгымды билдиремин,ырахмат айтамын.
Эми озумдун диагнозумду билемин,менин омурум Кыргыз элимдики,эми мындан да каттуураак иштеймин,улгуруш керек… 
«

Камчыбек мырза, ден-соолугун чыӊдап, бүгүн жумушка чыкканы кабарланды. Албетте, биз дагы жалпы журт менен бирге Кыдыршаевичке бекем ден-соолук каалайбыз. Өзү айтмакчы: «мындан да катуу иштеймин, үлгүрүш керек» дегендей. Чынында эле Камчыбек мырза, таза жана катуу иштеп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө чоӊ салым кошууга, коррупцияны тамыры менен жулууга үлгүрүшү керек. Бул маселеге өзгөчө жооптуу адам.

Урматтуу, Камчыбек Кадыршаевич, адамдын, деги эле жалпы элдин жакшы тилек максаты Жараткан тарабынан кабылданарын сиз жакшы билесиз. Бирок Кудай ар бир эле адамдын тилегин кабыл кыла берет деп айтууга болбос. Жаратуучубуз өзгөчө туура эмес жолдо жүргөн, элге кыянаттык кылган адамдын тамырын көпкө узатпай эле «тазалап» салат. Андай нерсени баарыбыз эле карт тарыхтан, турмуштан далай көрдүк, күбө да болдук.

Элибиз сизди мекенчил, элине кыянаттык кылбаган инсан катары билип, баалап келет. Өлкөбүздү өнүгүү жолуна бура турган мамлекеттик маанидеги чоӊ кызматтын эки тизгин, бир чылбыры сиздин колдо. Мүмкүн болушунча, таза, так жана катуу иштеп, элге, кийинки муундарга кандай мыкты иштештин үлгүсүн көрсөттүӊүз. Жакшы ой, жакшы тилек менен эле иштесеӊиз, Кудай буйруса, өзүӊүз тилеген үмүт-тилекке да үлгүрөсүз.

Кокстан, арам жолдо жорголоп, саясаттын сасык оюнун ишке ашырып, жеке кызыкчылыгыӊызды мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюп, баарын иритип-чиритсеӊиз, анда сиз эч нерсеге үлгүрбөйсүз. Эл сизди үлгүртпөйт… Муну сиз өзүӊүз да жакшы билип турасыз. Жогоруда айткандай, тамырыӊыз тазаланып калат…

Албетте, азыр сизге андай тагдырды эч бир адам каалабайт! Андыктан, ак иштеӊиз. Өмүрүӊүз узун жана өзгөчө өрнөктүү болсун!…