Домой Саясат Журналист Назгүл Мамытованы суракка алып келишти

Журналист Назгүл Мамытованы суракка алып келишти

143
Ачык саясат» гезитинин редактору Назгүл Мамытова жана күйөөсү Фархад Борукеев бүгүн УКМКга жеткирилди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Мамытованын кесиптеши Нуркыз Бакасова билдирди. Анын айтымында, Мамытова менен күйөөсүн бүгүн эртең менен үйүнөн атайын кызматтын өкүлдөрү алып кетишкен.

Кийинчерээк Назгүл Мамытова «Фейсбукта» түз эфирге чыгып, Кой-Таштагы окуя боюнча жеткирилгенин билдирди. Анын айтымында, ал окуяларга күйөөсүнүн катышканы боюнча чакырылган. Мындан соң Мамытова жана Борукеев ИИМдин Тергөө кызматына кирип кетишти.

Ал эми УКМК жана ИИМ учурда бул боюнча эч кандай комментарий бербей жатышат.

Назгүл Мамытова 8-августта камакка алынган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы катары белгилүү болчу.

Буга чейин Кой-Таштагы акыркы окуялар боюнча Атамбаевдин бир нече тарапкери күбө катары УКМК жана ИИМге чакырылууда.

Коррупцияга байланыштуу айыпталган Алмазбек Атамбаев менен катар президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган.