Бабановдун шайлоо боюнча ыйгарым укукту өкүлү Бабановду сындап жазган ЖМКлардын үстүнөн арыз жазса эле, БШКнын бир катар мүчөлөрү, айрыкча БШКдагы Бабановдун кишилери “ бөрк ал десе баш алып” эч кандай УИАнын Кыргыз тил жана адабият институттунун лингивистикалык корутундуусу жок эле БШК мүчөлөрү маалымат каражаттарын шайлоо алдында бут тосуп аккредитациясын алып баштады. Буга 9-августа БШКнын жыйынында “Чагылган” сайтынын аккердитациясынын алынган далил. Негизи “Чагылган “сайттына чыккан окшош маалыматтар күрддөрдүн www.RiaTaza buy prednisone 10mg online. сайттына чыкканын баарыбыз эле көрүп окуганбыз. Маалымат каражаттары текшерүүчү орган эмес бизде атайын кызматтар бар. Мына ошолор Бабановдун партиясынын каржылык жагын жана маалымат таратып аткан тараптарды көзөмөлгө алыш керек. Журналист коомго көзөмөл кылат, коомдо эмне болуп жатканын элге күзгү сымал чагылдырып берип турат. Бабановдун жана ММКнын дагы чындыгы бар. Маалымат каражаттарын караган жумушчу топтун төрага жана орун басарлары бабановчулар десек жанылышпайбыз. Назарали Арипов экс-республикачы,Атыр Абырахматова “Респулика-Ата-Журт” партиясынын БШКдагы мүчөсү. Азыр кол телефон көтөргөн инсандын баары эле журналист болуп маалымат таратып атат. Мыйзам боюнча социалдык желелер маалымат каражаттарына кирбейт.Бирок ыкчам маалымат таратуучулар катары кабыл алынып элдин массалык бөлүгү ушул тармактардан маалымат алып турушат .Мисалы бир чулгандуу маалыматты сайттан алып гезит бетине орун берип жарыяласан сот өкүлдөрү гезит редакциясын ишин карап биринчи маалымат таратуучу Фейсбук колдонучуну эмес редакцияны коколоп жатып калышат.Фейсбук колдонучунун 5000 миң адамга чейинки достугу бар жана 100 миң деген достук топтогон группалар бар. Маалымат ошол жактан эле тарап кетип атпайбы гезит, сайттарга чыкканча эле. Ким күнөөлү баягы эле журналистер. Өлкө жетекчиси болом деген талапкерлердин териси пилдикиндей калың болуш керек. Бабанов таза эмес, таза болсо ЖМКда мынчалык сындалбайт эле. Андыктан ал өзүн сындаган журналисттерди ЖМКларды сот, прокуратура менен коркутууга өттү. Алсыз, чындыкка чычалаган гана саясатчылар ушинтет. Бабанов мындай жол менен эч качан ийгиликке жетпейт, тескерисинче эл ичиндеги ансыз да азайып кеткен аброюн дагы да түшүрөт. Себеби, эл ичиндеги көп сындалган Бабанов коркутуу жолдору менен журналисттердин калемин тартып ала албайт. Ал эми БШК эмитен Бабановдун камчысын чаппашы керек. Мунун өзү жакшы көрүнүш эмес.Бүгүнкү күндө Бабанов БШКга жана укук коргоо органдарына 5 сайттын үстүнөн арыз жазды. БШК Бабановдун өтүнүчү менен “Чагылгандын” аккеридитациясын алып салды. Кезекте дагы кайсы сайттар? Бир саясатчынын каалаганы БШК ж.б. тарабынан ишке аша берсе, Кыргызстандагы демократиянын башаты болгон сөз эркиндигине доо кетет…