20-январда Аскер прокуратурасына суракка чакырылып, андан ары 48 саатка камалган журналист Турсунбек Бейшенбеков эки айга үй камагына чыкты. Турсунбек Бейшенбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, бөгөт чарасы 20-январда кечинде каралган. Журналист сотко чейинки өндүрүш ишинин маалыматтарын ачыкка чыгарбоо тууралуу тил катка кол коюп бергенин айтып, башка эч нерсе айта албай турганын билдирди.
— Эки айга үй камагына алындым. Баары мыйзам чегинде болду. Мыйзам иштесе акталам. Мага тагылган айыптарга макул эмесмин.
Chyndyk.kg сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков Аскер прокуратурасына 16-январда 1,5 саат сурак берип чыккан.
Журналист 20-январда Аскер прокуратурасына экинчи ирет сурак бергени чакырылып, андан ары 48 саатка убактылуу камоочу жайга киргизилген.
Анын сөзү боюнча, бул журналисттик ишине байланыштуу болуп жатат. Айрым маалымат каражаттары Бейшенбеков ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча суралып жатканын жазып чыгышкан.
Аскер прокуратурасы журналисттердин акыркы сурактары боюнча маалымат бере элек.
Булак: Азаттык