Домой Саясат Журналист Бейшенбеков Аскер прокуратурасында сурак берип жатат

Журналист Бейшенбеков Аскер прокуратурасында сурак берип жатат

7

Chyndyk.kg сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков 16-январда Аскер прокуратурасында сурак берип жатат. Бул тууралуу анын телефонуна чалганыбызда иниси экенин айткан Жаркынбек деген адам билдирди. Мунун алдында Бейшенбеков «Фейсбуктагы» баракчасына күбө катары суракка келип кетүү боюнча Аскер прокуратурасынын тергөөчүсүнүн чакыруусун жарыялаган.

Аскер прокуратурасы журналист кайсы иш боюнча суракка чакырылганы тууралуу маалымат бере элек.

15-январда «Азия Ньюс» гезитинин башкы редактору Асланбек Сартбаев Аскер прокуратурасында күбө катары беш саат сурак берип чыккан. Ал «Азаттыкка» комментарий берип жатып тергөөнүн купуялыгын ачыкка чыгарбоо боюнча тилкатка кол коюп бергенин билдирип, кайсы иш боюнча суралганын ачык айткан эмес. Бирок сурак «Азия Ньюс» гезитине чыккан материалга байланыштуу экенин билдирген.

Булак: Азаттык