Анын айтымында, Бишкек шаардык Ленин райондук сотуна Венера Мамбетова аттуу жаран Баяна Кулованын үстүнөн «кадыр баркыма шек келтирди» деген таризде эки миллион сом өлчөмүндөгү доо арыз жазган.
«Ал тууралуу «Де-факто» гезитине «Кореядагы алданган кыргыздар, же Венера Мамбетова деген ким?» аталышындагы макала жарыяланган. Кореяда иштеген мекендештерибизден 10 миң $ акча алып Кыргызстанга котором деп алдап кеткени баарыбызга маалым. Учурда бул аялга карата Ленин райондук соту «алдамчылык» беренеси боюнча тергөө ишин жүргүзүп жатат», — дейт Баяна Кулова.
Ошондой эле Баяна Кулова өзүнүн жеке баракчасына: «Таң калбаңыздар, ооба сотко чакырылдым. Азыркы заманда элдин, өзгөчө мигранттардын акыйкаттуулугун талашсаң ушинтип соттон сотко сүйрөлүп жашайсың», — деп билдирүү калтырган.
Булак: 24 kg