Домой Коом Журналист Акимовдун жубайы ракка кабылып, 7 миң доллар керек болууда

Журналист Акимовдун жубайы ракка кабылып, 7 миң доллар керек болууда

110

Акимов жубайын дарылатуу үчүн жакын адамдарынан карызга акча алып жатканын айтып, кайдыгер эмес адамдарды да жардам берүүнү суранууда.

Коомдук ишмер жана журналист Турат Акимовго элдин жардамы керек болууда.

Анын айтымында, жубайы онкологиялык ооруга чалдыгып, жума күнгө, 27-декабрга чейин, 7 миң доллар чогултуу зарыл. Аны дарылатуу үчүн Грузияга алып барарын айтты.

Учурда журналист жакын адамдарынан карызга акча алып жатканын айтып, кайдыгер эмес адамдарды да жардам берүүнү суранууда.

Жардам үчүн реквизиттер: «Элсом» 0555-66-66-88