Домой Маек «Жумурткасы 100 сом»: Б.Кадыровдун Чехиядан алып келген тооктору

«Жумурткасы 100 сом»: Б.Кадыровдун Чехиядан алып келген тооктору

6

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Түп айылынын 35 жаштагы тургуну Бакыт Кадыров брама тукумундагы тоок багууда. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен 1986-жылы Түп айылында төрөлгөм. В.Кайкин атындагы жалпы билим берүү мектептин босогосун аттап, 2004-жылы 11-классты ийгиликтүү аяктадым. Андан соң К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине барып, эколог адистигине ээ болдум. Тилекке каршы кесибим боюнча иштеген жокмун. Көп жылдан бери курулуш тармагында эмгектенип келем. 2015-жылы үйлөндүм. Кошумча киреше табуу максатында 2019-жылдан тарта брама тоокторун багып, кошумча каражат табуудамын», — деди ал.

Б.Кадыровдун айтымында, эт багытындагы брама тооктору Беларусия, Түркия жана Чехиядан Алматы шаары аркылуу алынып келген.

«Брама тоокторунун 3 түрүн өз-өзүнчө алып келип багуу үчүн жалпы 30 миң сом сарптадым. Анда бир короз 7 миң сомго, тоок 4-5 миң сомго бааланган. Ошону менен чарба ишим уланып, 2 жыл аралыгында кардарларга тоок көбөйтүп саттым. Азыркы тапта жумурткасы 50-100 сом, балапаны 250-300 сом, бир тоок 1000 сомго сатылууда.

Брама башка тооктордон салмагы менен айырмаланат. Жемди көп жейт, сугалак эмес жана өзүн таза алып жүрөт. Эгер өз убагында жем жана кошумча витаминдерин берип, туура кам көрсө, салмагы 10 килограммга чейин жетет. Жаз алдында жумуртка сатып, айына 10 миң сомдон киреше таап жаттык. Алдыда эт багытындагы тоокторду көбөйтсөм деген ниеттемин. Учурда короодо 60га чукул тоок бар», — деди ал.

Каарманыбыз келинчеги менен 2 уул жана 1 кызды тарбиялоодо.

булак: turmush.kg