Домой Саясат Жумакадыр АКЕНЕЕВ, экономика илимдеринин доктору, профессор: “Сапар Исаков Сооронбай Жээнбековдун баштаган иштерин...

Жумакадыр АКЕНЕЕВ, экономика илимдеринин доктору, профессор: “Сапар Исаков Сооронбай Жээнбековдун баштаган иштерин аягына чыгарышы керек”

44

7012_w300_h207_crop

Сапар Исаковдун  өкмөтүнүн кадамдары кандай уланат деп ойлойсуз?

 Биринчиден, ар бир өкмөттүн жаңы программасы сөзсүз болушу керек дегендин өзү туура эмес. Кыргызстандын жалпы стратегиялык 5-10 жылдык пландары бар. Мындай туруктуу программалар өкмөттүн башына кимдер келбесин улантылып кетиши абзел. Мисалы, АКШда деле “Республика” менен “Демократтар” партиясы кимиси бийликке келсе бири биринин иштерин улантып кетет. Ошондуктан Сапар Исаков да буга чейинки премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун баштаган иштерин аягына чыгарышы зарыл. Анткени, Сооронбай Шарипович бир топ жакшы иштерди бүтүргөнү менен убакыт тар болуп жетишпей калган пландары да калды. Мына ошолорду жаңы өкмөт аягына чыгарышы керек.

Албетте, С.Исаков С. Жээнбековдун эле иштерин улантып тим болбой, өз өнөрүн да көрсөтүшү керек. Кошумча программаларды киргизип, экономикага көбүрөөк көңүлүн бурушу зарыл. Сооронбай Жээнбеков 1,5 жылга жакын гана өкмөттү башкарып калды. Ошол аралыкта ал кандай иштеди? levitra rezeptfrei holland.

Сооронбай Жээнбековдун мыкты иштегенин элибиз, эксперттер, ар кайсы тармактын өкүлдөрү, ошону менен президент да моюнга алды. Ал кызматын тапшырып жатканда мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев “сизге берилген ишенимди толугу менен актадыңыз” деп жогору баасын берди. С.Жээнбеков 1,5 жылга чукул унчукпай иштеп, эч кандай ызы-чууларга аралашкан жок. Анын жетишкендиктерин бардык массалык маалымат каражаттары жарыялап жатат.