Домой Саясат Жумагул СААДАНБЕКОВ, коомдук ишмер, дипломат: “Өзбекстан менен мамиленин жанданышы – президент Алмазбек...

Жумагул СААДАНБЕКОВ, коомдук ишмер, дипломат: “Өзбекстан менен мамиленин жанданышы – президент Алмазбек Атамбаевдин чоң жеңиши”

70

                            list of pharmacies in canada. Atambaev_vizit3

Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстанда мамлекеттик сапар менен жүрөт. Өлкө башчысын Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жылуу тосуп алып, эки өлкө ортосундагы мамилени бекемдөөгө багытталган 12 документке кол коюлду. Сиз Атамбаевдин бул мамлекеттик сапарын кандай баалайсыз?

—          Өзбекстан Борбор Азия, керек болсо Азия чөлкөмдөгү эң маанилүү, таасирдүү өлкөлөрдүн бири. Алардын калкынын саны учурда 30 млн. адамдан ашты. Өзбекстандын мусулман дүйнөсүндө да өз орду бар. Экономикасы да кубаттуу. Ошондуктан эки өлкөнүн мамилесинин жанданышы Кыргызстанга чоң пайда алып келет

—          Акыркы жарым жылда эле кыргыз-өзбек товар алмашуусу 10 эсеге чейин өсүптүр. Бул сан келечекте дагы артабы?

—          Өзбекстанда коңшубуз менен мамилени бекемдөө бизге абдан пайда. Аларга жаңы президенттин келгени да жакшы болду. Ал эми биздин президент Алмазбек Атамбаев ортодогу маселелерди чечүүгө катуу аракет кылып жатат. Өзбекстан менен мамиленин жанданышы – президент Алмазбек Атамбаевдин чоң жеңиши деп айтсак болот.