Домой Маданият Жумагүл Барктабасова: Айдан түшкөн кемпир

Жумагүл Барктабасова: Айдан түшкөн кемпир

96

Кемпир бул үйгө күнүгө эртең менен сүт көтөрүп келе турган.

– Балам, ач эшикти, сүт алып келдим, кагылайын,- ичкери жакты каалганын тешигинен шыкаалаган байбиче тестиер кыз үй ичинен эшик ачпай турганын сезсе да, кыз анын келгенин билсин деп, үнүн бийик чыгара жылуулук көзгө үйлөп турган үй ичин карайт. Кыз чуркап келип, эшикке жолобой каалга тарапты карап катып калганын көрөт да, ыраазы болгондой бөтөлкөгө куюлуп, оозу бекем жабылган сүттү каалганын жанына таштап артка кайтат.

Кыз аны айнек аркылуу гана аркасынан көрчү. Бели бекчейип жүгүнгөн келиндердей эңкейип катып калган кемпирди аркасынан узата карап, анан гана эшик алдында жаткан бөтөлкөнү алып, ичкери кирип кетчү. Андыктан, кыз кемпирди бет маңдайынан, жакындан такыр эле көргөн эмес. Кээде ал кечиккенде терезеге жакын барбай, боюн алысыраак кармап, мойнун созо карачу. Анан ал жакын жерде көрүнбөгөнүн билген соң, айнекке жабыша калып ал келе жатканын алыстан көргөндө, байкап калбасын дегенсип, терезенин жанындагы олтургучтан секирип түшөр эле.

Эмнегедир, ушул кемпирди апасы айтып берген жомоктогу айда жашаган кемпирге окшото берет. Айда карарып көрүнгөн так чындап эле кум санап жаткан кемпирге окшош эмеспи. Ошол жомокту уккан соң кыз кээде ал ошол кумдун ар бир күкүмүн санап бүтсө эле жерге жетип келчүдөй коркуп да кетчү. Кийин ошол кемпир күнүнө бир маал жерге түшүп, анын бөбөгү үчүн сүт таштап кеткендей туюла берет.

Бүгүн кемпир көбүрөк кечикти. Күндө бул маалда жаңы бышкан сүт ичкен наристе ыйлай баштады. Тестиер кыз эмне кыларын билбей калды.

Атасы чек арада иштегендиктен, ушул айылга көчүп келгишкени үч-төрт ай гана болгон. Ал көбүнчө кызматта болгондуктан, апасы, бөбөгү үчөө жашачу. Кичине иниси экиге чыкканда, апасы тамак-ашка тыгын болсун деп, жумушка кирип алды. Ал таң атпай жумушка кетип, кеч кирип калганда келет. Кыз өзү 4-класста окуса да, ал келгенче бөбөгүн карап үйдө. Анын бул жолку кышкы каникулу ушундай өттү. Окуусу башталса, апасы бөбөгүн тайенесине жеткирмек. Кыз бул ирет түйшүк тартканы менен, кычинекей инисине өтө жакындай түштү. Өзүн каадалуу киши сезип, токтолуп да калды. Бөбөгүн апасы какшап айтып кеткендей, бөлмөдө сайылган жылыткычка жакын жолотпой ойнотуп, курсагын тойгузуп, кийимин которуп койгонго жарайт. Апасы мындан отуз чакырымдай алыс жерге барып иштегендиктен, өтө эрте кетет. Андыктан, бул кемпирге күнүгө бир маал жаңы саалган сүт алып келип берүүнү суранган экен. Анан эмнегедир ушул учурдагы жашоосу ага байлана түшкөндөй болду.

Бул айыл кызга чоочун. Классташтары менен да жакшылап достошо элек. Ушу чоң айылда алардын үйүнө ушул кемпир келип кетчү гана жалгыз жол бардай туюлат.

Бүгүн болсо ал кечигип жатат. Кыз аргасыздан идиштин түбүндө калган кичине сүткө кайнак суу куюп, кылаңгыр чайга нан чылап, сары майдан салып, суутуп, бөбөгүнө берди. Өзү корккон бул кемпирди ушунча зарыга күтөм деп эч убакта ойлобосо керек. Бөбөгү курсагына бир нерсе барганда, кайрадан уйкуга кетти.

Ушул учурдан пайдаланып кыз сүткө өзү бармай болду. Шашкалактап жатып, сүт куюлуп келип, кайра апасы аркылуу жеткирип турган бөтөлкөдөн бирин да таппай калды. Бир аз буйдала түшүп кыдыракей тизилген идиштердин арасынан гүлдөрү бар кичинекей сыр идишти көрүп сүйүнүп, аны ала сыртка чыкты.

Теребел ак жамынып, түндө жааган карга көмүлгөн табият тазара түшүптүр. Мындай тазалыкты эч ким кол менен жасай албас. Кыз эшикти акырын жаап, бирин-серин киши басып, таптала түшкөн жалгыз аяк жол менен кемпирдин үйүн көздөй жөнөдү. Эмнегедир, ал жашаган үйдүн алдында боз үй тигилип туруптур. Айланасында кодулаган эл. Кыз тапталган жол менен боз үй түбүнөн өттү. Анда болсо татынакай аялдын сүрөтү илинип турат. Аял тай энесине да окшоп кетти. Эрксизден кучагын жая тосуп алган тай энесин сагынганын эстеди.

Бир кезде боз үйгө 2-3 аял жакындап, анан боз үй ичинен “Кагылайын, айым, күнүм, апакем ай! Бул жашоомдун жарыгы, берекеси, бизди таштап кеттиңби?” – деп ыйлаган муңдуу үн чыкты. Аны коштогон ый, кошок кыздын бир чыкыйынан кирип, экинчи чыкыйынан чыгып кеткендей туюлду. Кыз селейе эмне кылар айласын таппай калды. Ошол кезде боз үйдөн чыгып келе жаткан келин аны көрүп:

– Ап-ээй, апам силерге сүт жеткирчү эмес беле, ал киши каза болуп калбадыбы, катыгүн. Келе, идишиңди, мындан кийин өзүң эле келип тур, менин сага сүт жеткиргенге убактым болбойт,- деди да, кыздын колундагы идишти алып үйүнө кирип кетти.

Эми ал боз үйдөгү тай энесине окшогон аял баягы өзү коркуп жүргөн кемпир экенин түшүндү. Ал сүрөттү дагы бир жолу карады. Кареги сүрөттөгү карекке кадала түштү. Кыз бул жолу андан корпой, тескерисинче, ал жакын адамындай аны өтө аяп турду. Аңгыча келин үйдөн чыгып, колундагы сүт куюлган идишти берип, шашкалактай боз үйгө жөнөдү.

Кыз ый менен кошоктон кулагы тунгансып, ар нерсе оюна келип, үйүн көздөй бет алды. Ал өлүм, өмүр тууралуу биринчи жолу ойлонду. Мунун баары ага бүгүнкү жаңы жааган кардай жапжаңы сезилди. “Капырай, ажал деген кандай коркунучтуу!” деп ойлонду ал. Эми ага айдагы кемпир коркунучсуз эле бир жомоктогу каарман экени дайын болуп, бул жашоодо андан да коркунучтуу күч бар экенин туйду. Ал күч эч нерсеге карабайт тура!

Ошондой миң сан ой менен бараткан кыз үйүнө жеткени аз калганда, тайгаланып жыгылды. Колундагы идиши көмөрүлүп, аппак сүт ак карга бир заматта сиңип кетти. Ошол маалда боз үй тараптан кошоктун үнү жаңырып, ый коштоду. Кыз кошокчуларды коштой ыйлап жатты. Анын көз алдына бүкчүйө кыбырап баскан байбиченин элеси келди. Ал бөбөгүнүн курсагын бүгүн эмне кылса да тойгузмак, бирок ага бир маал келип, жагымдуу үнү менен эркелете чакырган кемпирди кайрый алмак эмес. Аны эми жерге сиңип кеткен сүттөй кайра кайтаруу мүмкүн эмес эле.