Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Казакстандын борбору Нур-Султан шаарындагы эл аралык жыйында орус тилинде бир барак кагазды окуй албай айласы кетти. Коомчулук төраганын жоругун талдап кызыл чеке болушту. Айрымдар орус тилин билбегени үчүн күнөөлүү эмес деп акташса, көпчүлүк Кыргызстандын бийик бутагында отурган экинин бири катары өзүнө жоопкерчиликтүү мамиле кылбастан сабатсыздыгын айгинелеп, тайыз деңгээлин
көрсөтүп бүтүндөй өлкөнүн аброюна көлөкө түшүрдү деп сынга алышты. Ырасында, кептин баары төраганын орус тилин билбегенде эмес, өзүнө тагылган бийик кызматтын жоопкерчилигин сезбеген тайыздыгында болуп жатат. Орус тилинде доклад окуй турган болгон соң, бир барак кагазды кайра-кайра окуп келегей тилин жатыктырып алса болмок. Эгер тили такыр эле бурулбаса, кыйналбай эле таза кыргызча сүйлөсө аны жыйындан эч ким кууп чыкпайт болчу.
Тескерисинче аброю артмак.
Булак: «Фабула»