Домой Маек Жумабаев Максат “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынын башкы директору: “ Биздин автобекеттен...

Жумабаев Максат “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынын башкы директору: “ Биздин автобекеттен комфортабелдүү чоң автобустар жумасына кетет”

199

1518771442

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 509-токтомуна ылайык “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Аталган ишкананын жаӊы дайындалган директору Жумабаев Максат мырза менен ишкананын алып бара турган иштери туурасында маектешип кайттык.

  • “Биздин максат жүргүнчүлөргө шарт түзүп берүү”
  • —Жогорку бийлик ишеним көрсөтүп “Кыргыз автобекети” деп жаӊы түзүлгөн мамлекеттик ишканага жетекчи кылып дайындады. Ишкананын негизги максаты-жүргүнчүлөргө, айдоочуларга шарт түзүп берүү. Ушул багытта эӊ биринчи кадамдарын жасайм. Жүргүнчүлөргө жөнөкөй шарт түзүп, билет алуу жагын кайра карап, электрондук билет алуу, брондоп, элементардуу айдоочуларга рейстен келгенден кийин бөлмөнү жаӊылоо, автобекеттин киреше булактарын жогорулатуу негизги милдетибиз. Себеби, кирешенин 50 пайызы мамлекеттик бюджетке кетет. Бизде республикада 95-97% ташуулар жеӊил унаалар, такси менен кетишет. Автобазалардын көбү жоюлуп кетти. Элди жеке ишкерлер, кичи автобустар, таксилер менен керектүү жерге жеткирип жүрүштү. Азыр 21-кылым болгондуктан жаӊы этапка кириш үчүн транспорт кызмат көрсөтүү жагын дагы жакшы нукка салышыбыз керек. Микроавтобустар автовокзалдан кете турган болсо, таксилер базарлардан кетип жатышат. Бул учурда биздин эӊ башкы мамлекеттик органдардын милдети жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоосу, талаптарын аткаруусу, айдоочу ушул айда эс алгандыгы, анын ден соолугунун абалы, психологиялык абалы да текшерилет. Бул багытта былтыр реформанын башы башталган. Сооронбай Шарипович премьер- министр кезинде вокзалдарды бириктирген токтом чыгарган. Август айынан бери реформанын процесси жүрүп жатат. Биздин багыт автовокзалга келип кеткен кишилерге кызмат көрсөтүп, ашкана ачуу эмес. Жүргүнчүлөрдүн багыттарына, эл аралык багытка чыгып жаткан жүргүнчүлөргө шарт түзүп берүү. Москвага бара турган адам Баткенден чыгып, Бишкекке келип Баткенден брондогон билети менен Москвага кете тургандай кылып пландап жатабыз.40_big
  • Ишкананын карамагындагы автовокзалдар…
  • — “Бишкек автовокзалы”, “Чыгыш автовокзалы”, “Ош областтык автобекеттер жана автостанциялар ишканасы”, “Жалал-Абад областтык автобекеттер жана автостанциялар ишканасы”, “Ысык-Көл областтык автобекеттер жана автокассалар ишканасы”, “Талас областтык автобекеттер, автостанциялар жана автокассалар ишканасы”, “Нарын областтык автобекеттер жана автостанциялар ишканасы” “Кыргыз автобекети” ишканасына карайт.
  • “Окуп жүргөн учурда түнкүсүн барып кароолдо турчумун”
  • —Окуп жүргөн учурда түнкүсүн барып кароолдо турчумун. Ошондо ичтен айтылган аруу тилектер болсо керек мынтип башкы директор болдум. Окууну бүтүп, конкурстан өтүп транспорт инспекциясына бардым. Кароолчудан баштап 2010-жылы Транспорт ишмердүүлүгүнө кызмат көрсөтүүнү көзөмөлдөө бөлүмүндө 2 жыл иштедим. Жүргүнчү ташууну жөнгө салуу жана уюштуруу бөлүмүндө 2015-жылга чейин башкы адис, бөлүм башчы болуп иштедим. Кызматтык жолум жүргүнчү ташууга байланышкан. 2016-жылы 1-июнда Транспорт министрлигинин алдындагы транспорт агенттигинде 2 жыл директордун орун басары болуп иштедим. Практикамда алган тажрыйбамды фактыларга киргизүүгө аракет жасадым. Жүргүнчүлөрдү унаа менен ташуудагы эрежелерин уюштурууга активдүү катыштым. Бизде азыр автобус жок. Автоташуучу өзүнчө, автовокзалдардын функциясы өзүнчө. Ушул чектөөнү кайра карап чыгуу боюнча Өкмөткө сунуш даярдап жатабыз. Сунуш өтүп калса жүргүнчүлөрдү ташууга мүмкүнчүлүк алабыз. Мүмкүн болсо автобус сатып алабыз же насыяга автобус алып келебиз же болбосо жеке жактардын автобустары менен келишим түзүп, автобусту техкароодон өткөрүп, шарт түзүп берүү менен кепилдик берип, ишке ашырабыз. Жүргүнчүгө сунуштай турган артыкчылык, социалдык коргоого муктаж болгон жарандарга, пенсионерлерге, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга арзандатып шарт түзүп берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз болот. Буга чейин социалдык кепилдик берилген эмес.Bishkek-avtovokzal-1
  • “Мыйзам тарабынан ишти уюштурган жеке ишкерлердин юридикалык жоопкерчилиги эч жерде каралбай калган”
  • —Акыркы учурларда өтө одоно мыйзам бузуулар, жол кырсыгы болгондо айдоочудан баӊгизатын пайдалангандыгы аныкталган фактылар катталып жатат. Мыйзам тарабынан ишти уюштурган жеке ишкерлердин юридикалык жоопкерчилиги эч жерде каралбай калган. Адамдар өлүп, жаракат алып жатат. Бирок, айдоочу жооп берет, кесилсе кесилет, ал эми уюштуруучу катары негизги пайданы тапкан юридикалык тарап жоопкерчиликти моюнга албайт. Азыр ошондой тараптардын да жоопкерчилигин караган мыйзам жобосун иштеп жатабыз, министрликтерден макулдук алдык. Эми Өкмөт колдоп берсе, жобо кабыл алынса көп нерсе ишке ашат эле. Кызмат көрсөтүп пайда тапкан үчүн, машинаӊдаги жарандардын коопсуздугун камсыз кылыш керек.
  • “Айдоочулар да камсыздандырылат”
  • flunitrazepam online.

  • —Биздин өкмөт тарабынан былтыр жарандардын коопсуздугуна жеке жетектөөсү менен кенен көӊүл бурулуп жатат. 1-апрелден баштап жобобуз ишке ашса айдоочулар да камсыздандырылат. Жаракат алса 300 миӊге чейин, ал эми каза болсо андан да көбүрөөк суммадагы акчаны карап жатабыз. Коммерциялык ишмердүүлүк кылам деген такси, микроавтобус айдагандар камсыздандырса болот.
  • Жүргүнчүлөр 4 жолу Казакстандын талаасында калышты”

—Декабрда Казакстандан өзбек жарандары бара жаткан автобус күйүп кетпедиби. Андан кийин эле бизде 3-4 ошондой окуя болду. Биздин айдоочулар, базарлардын тегерегинде Москвага алып барабыз деп элди салып алып, Казакстандын талаасынан бузулуп, элдер эки жолу талаада калышты. Бул жерде биринчиден айдоочунун жоопкерчилигинин жоктугу жана элдин ишенчээктиги. Москвага кетип атам десе эле билет албай туруп акчасын берип отуруп кете беришет. Ал эми айдоочу аларды Москвага жеткиреби, унаасынын абалы кандай деп эч ким ойлонбойт. Тажрыйбасы барбы жокпу билбейт. 2 жолу казак туугандар машинасын оӊдоочу жайга киргизип, жүргүнчүлөрдү жылытышты, эки жолкусунда айып салышты. Бул учурда айдоочуларыбыз да талаада калды. Азыр биздин автовокзалдан комфортабелдүү чоӊ автобустар жумасына кетет. Азыр күн жылыгандан баштап жуманын 5 күнүндө Москва тарапка рейстер бар.

“Орой мамиле кылган айдоочуга чара көрүлөт”

—Эгерде жүргүнчү автовокзалдан кете турган болсо, вокзалдын автобусу кокустан бузулуп калса  жүргүнчүнү башка автобуска салып жеткиргенге милдеттүү. Же болбосо ар жактан партнерун чакыртат. Бирок жүргүнчүдөн үстөк акча алынбайт. Эгер айдоочу жүргүнчүгө карата орой мамиле кылган болсо, ал айдоочуга атайын чара көрүлөт. Чыгып атканда текшерүүдөн өтөт. Экиден айдоочу жөнөтөбүз. Бири чарчаганда экинчиси айдайт. Транспорт каражатынын абалын толук текшеребиз. Элге туура маалымат бериш керек экен. Нарындан, Көлдөн ж.б. Республиканын аймактарынан Россияга мигрант болуп кетүүнү каалагандар эл көп жүргөн Ош базарына барып алып, жанагындай окуяларга дуушар болушууда. Бул боюнча бизде атайын рекламаларды берип жатабыз.