Домой Дүйнөдө Жоокер чогуу кызмат өтөп жаткан сегиз адамды атып салды

Жоокер чогуу кызмат өтөп жаткан сегиз адамды атып салды

286

Забайкалье крайында жоокер өзү менен кызмат өтөгөн сегиз кишини атып салганын Орусиянын Коргоо министрлиги 25-октябрдын кечинде билдирди.

Горный деген кыштактагы аскердик бөлүктө жоокер кызматташтарын пистолет менен аткан.

Курал кармап, ок чыгарган жоокер кармалды.

Коргоо министрлиги ал өзүн кармай албай калгандыктан ок чыгарганын билдирди.

Каргашалуу окуя кечки саат 6дан 20 мүнөт өткөндө аскердик бөлүктө кароол алмашып жатканда болгон.

Баштапкы маалыматка караганда, ок тийген жети киши мүрт кеткен, бирөө ооруканада көз жумган.

Жараат алган эки адам ооруканада, алардын өмүрүнө коркунуч жок.

Коргоо министринин орун басары Андрей Картаполов министрликте түзүлгөн комиссия менен чогуу окуя болгон жерге кетти.

Булак: Азаттык