-Элди уу-дуу кылган Бакиевдин 70 жылдыгына арналган тасманын айрым телеканалдан көрсөтүлүшүнүн негизги максаты эмне деп ойлойсуз?
-Канкор Бакиевдин 70-жылдык мааракесин куттуктаган атайын видео тартып “New TVнын” жетекчиси Н. Шакиев, А. Келдибековго таандык “Нур” ТВ каналдарынан көрсөтүшү бул атайын өлкөдө жаңжалды көздөп жаткандардын иш аракеттери деп бааласа болот. Акыл-эси бар адамдар мындай кадамдарга барбайт эле. Бакиев КР соту тарабынан оор кылмышкер катары өмүр бою эркинен ажыратылган адам экенин видеону чыгаргандар жакшы билишет. Бакиевдин режиминде 2010-жылдын 7-апрелине чейин эле кыргыздын чыгаан уулу, Гиннес китебине кирген каскадер Үсөн Кудайбергеновдон баштап, Жогорку Кеңештин депутаттарына чейин 92 адамды ит аткандай атып, өрттөп ( М. Садыркулов, Н. Слепченко) таштаганын да алар жакшы билишет. Ошентсе да канкорду куттуктап атайын видео фильм тартып жатышат. Бул боюнча КР УКМК болгону Н. Шакиевге эскертүү беришти. Бул жеңил жаза. Бийликтегилер КР Кылмыш Кодекстинин 313- бернесинде «Улуттар аралык, рассалык, диний, аймак аралык жаңжалды козутуу» деген беренени колдонушса болмок. Нурлан Шакиев эскертүү алганын билишип интернеттерде ашынган Бакиевчилер, маргинал аймакчылдар дагы эле Бакиевди колдоп, коргоп жатышат. Эгер катуу чара колдонгондо бул иш кан буугандай токтомок. Бул өтө опурталдуу көрүнүш. Себеби, сырткы күчтөр дал ушуну нерсени колдонуп аймак аралык жаңжалдын отун тутантып ийбейт-деп эч ким кепилдик бере албайт. Ансыз да азыр интернеттин соц желесинде аймак аралык бөлүнүүчүлүк күч алууда. Бийлик муну жакшы баамдабай жатат. 2010- жылы түштүктө улут аралык жаңжал кичине нерсе катары бааланып, ал өрткө айланып кеткенин кантип танабыз?
Эл аралык мыйзамдарда канкордукту, зомбулдукту пропагандалоого тыйуу салынган. Бакиев чыныгы канкор адам. Жогоруда айтканымдай, 2010- жылдын 7-апрелине чейин эле 92-адам буйрутма менен өлтүрүлгөн. 2010-жылдын 7-апрелинде 87 азамат окко учса, андан бери ошол -7апрелде жарат алган жигиттердин 31-азамат көз жумду. Жарадар болуп, өмүр бою майып болгондордун саны 500 адамга жакын. Бул канкордук эмеспи? 2014- жылдан Украинада бир кезде Улуу Ата Мекендик согушта немецтерге кызмат кылган С. Бандера, И. Шукеевич дегендер, «СС галичина» деп аталган топтор, баатыр кылып көрсөтүлө баштаганда Крым эли «Бандералар менен бир болбойбуз!» дешип Киевден Россияга карап кетти. Ошол эле учурда Донбасс эли (Донецк, Луганск областары ) «Бандералар менен бир мамлекетте болбойбуз!» дешип өз алдынчалыкты жарыялашты. Бакиевди даңазалоо ушундай эле кеп. Бул иш боюнча бийлик жумшак мамилени токтотуп күнөөлүлөрдү жазалаш керек.
Булак: Фабула