Домой Коом Жолдошбек Орозов: Экономикабыз «өлбө жаным, өлбө, араба сынбасын» кейпинде араң турганда «бечелге...

Жолдошбек Орозов: Экономикабыз «өлбө жаным, өлбө, араба сынбасын» кейпинде араң турганда «бечелге жөтөлдүн» кереги бар беле?..

60
— Коронавирусту экономикабызга зыяны жок жеңип кетүүнүн жолу барбы?
— Пандемия жөн жарыяланбайт, демек дүйнө жүзүндөгү жашаган элдерге коркунуч туудурган Короновируст оюнчук эмес экенин көрүп, билип олтурабыз. Мындан бир жарым ай мурун жарыяланган оорууну алдын алуу боюнча биздин чала сабат бийликте олтурган куучирендер бул жолу да ким экендигин көрсөтүштү, дин фанаттарын тыйып коюуга толук шарт бар эле да, бирок аны жасашпай шалакылыгын кылып, эми минтип жалпы элге коркунуч туулуп олтурат. Албетте, пандемия жарыялангандан кийин кайсы гана өлкө болбосун анын экономикасына зыян келет, себеби, ички, тышкы байланыштарга чектөө коюлат. Кыргыз мамлекетти күчтүү болсо бир жөн, экономикабыз «өлбө жаным, өлбө, араба сынбасын» кейпинде араң турганда «бечелге жөтөлдүн» кереги бар беле?.. Экономикалык зыян болбой койбойт, ал канчалык болот элдин өзүнө жараша болот, эгер эл тартипти сактап, коопсуздукту сактаса аз чыгым менен чыгып кетсе болот. Ал эми дамбалдарын далбаңдатып, сакалдарын сапсайтып, тартипти сактабай намаздарын жаамат менен кудайдын үйү мечеттерде окуйбуз деп караңгылыктарын кыла берсе анда жалпы кыргыз элине кыйын болот, деги эле ар бир жаран өзүн жана жакындарынын коопсуздугуна жоопкерчиликтүү карашы керек жана милдеттүүбүз. Ал эми тартипти, эрежени бузгандарды катуу жазалаш керек, бул жугуштуу эпидемия оюнчук эмес, капарына албай эреже, тартипти сактабаган өлкөлөр эмне болуп жатат? Мына ушундай коркунучка өтө аяр мамиле кылып, болушунча ар бирибиз андан арылууга салым кошуп, аракет кылуубуз шарт. Болор иш болду, боёсу канды болуп олтуруп калбай, бул короновирусту шалакылык кылып коё берип жиберген бийликтеги жана дин жаатындагы адамдардын ар бирин кылмыш жообуна тартуу керек. Эгер катуу чараларды көрбөй, чаржайыттыкка жол берсек кыргыз улутунун тагдыры кыйындыкка туруп каларын бөркүңөрдөй көргүлө, татаал тагдыр күтүп калышы мүмкүн… Эзелтеден эстүү элбиз өзүбүздү- өзүбүз эмдейли . Тартип, тартип жана тартип!
Булак: Багыт