Домой Саясат Жолдошбаев: Этил спиртин көбүрөөк ичип алгандан кийин бир тобу дайынын таппай калат

Жолдошбаев: Этил спиртин көбүрөөк ичип алгандан кийин бир тобу дайынын таппай калат

138

“Этил спиртин көбүрөөк ичип алгандан кийин бир тобу дайынын таппай калат”, – деди депутат Камчыбек Жолдошбаев Жогорку Кеңештин жыйынында.

Ал “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө”мыйзамга өзгөртүү каралып жатканда үй-бүлөдөгү зомбулукка кимиси күнөөлүү болуп жатканына кызыгып, Ички иштер министринин орун басары Памир Асановго суроо салды.

“Кийин текшерип көргүлө да. Ошол үй-бүлөлөрдө кимиси күнөөлүү болуп жатат? Эркегиби же аялыбы? Же ичкиликтен болуп жатабы? Этиль спиртин көбүрөөк ичип алгандай кийин бир тобу дайынын таппай калат. Жашоо-тиричилигин текшерип карап көрдүңөрбү? Эмнелерден экен?” – деди Жолдошбаев.

Депутаттын суроосуна жооп берген Памир Асанов үй-бүлөлүк зомбулуктун 70 пайызы ичимдиктен келип чыкканын айтып, бирок зомбулук көрсөтүү боюнча милицияга арыз келип түшпөгөнүн кошумчалады

“Чындыгында спирт ичимдигин ичип алгандан болуп жатат. Азыр тергөө амалдары жүрүп жатат. Тергөө бүткөндөн кийин дагы толук маалымат беребиз”, – деди Асанов.

Ушул жылдын башында эле эки аял күйөөсүнүн токмогунан каза тапты. Ал эми Ысык-Көлдө күйөөсү аялын өрт койгон факты катталды. Учурда денеси күйгөн аял ооруканада дарыланууда.

Булак: Заман